Connect with us

ФИФА рейтинги: Кыргызстандын командасы ТОП-100дөн чыкты

Кыска кабар , Спорт | 15 Фев 2024 | 498 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын ТОП-100 тактасынан алынды. Жаңыланган рейтинг 15-февралда Азия кубогунун, Африка кубогунун жыйынтыгы менен жарыяланды.

Ага ылайык, Кыргызстандын курама командасы 98-орундан 104-орунга түштү.

Ал эми 100-орунга коңшу Казакстандын курама командасы жана 99-орунга Тажикстандын курама командасы жайгашты.

Быйыл Катарда өткөн Азия Кубогунда Кыргыстандын улуттук курама командасы F тайпасында Таиланд, Сауд Арабия жана Омандын командалары менен ойноду. Таиланд менен Сауд Арабияга 0:2 себинде утулуп, Оман менен тең чыкты.

Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков иштен кетип, бул кызмат бош калган. Андан кийин президент Садыр Жапаров Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчилигине УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди сунуштаган. Учурда ал бул кызматка жалгыз талапкер.

19-февралда Кыргыз футбол уюмунун кезексиз конгресси өтүп, жетекчиликтин жаңы курамы шайланат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM