Биз менен байланышыңыз

Рактан сактануу үчүн кандай чараларды колдонушубуз керек?

Блог , Пикирлер | 15 Фев 2024 | 1851 | 0

Акыркы убактарда рак дартына чалдыккандар көбөйүүдө. Дарттын пайда болуу себептерин, сактануу жолдорун медицина илимдердин доктору, онколог профессор Амангелди Жумабаев «Марал» радиосунун «Мединфо» уктуруусунда айтып берди.

– Рак оорусу тууралуу кененирээк айтып берсеңиз…

– Бул – өтө татаал оорулардын бири. Жалпы Кыргызстан боюнча эсептегенде бир күндө 15-20 адамга «рак» деген диагноз коюлат. 2021-жылы 5746 адамга, 2022-жылы 6175 адамга диагноз коюлган. 6175 бейтаптын ичинен бир жылда эле 300дөн ашууну көз жумган. Себеби оорунун акыркы этаптарында дарылоо өтө кыйынга турат. Өлкө боюнча биринчи орунда ашказан рагы, өпкө рагы, андан кийин аялдардын эмчек жана жатын рагы турат. Себеби булар башка ооруларга караганда көп кездешет.

– Адамдын организминде рак дарты кантип пайда болот?

– Оорунун пайда болушунун ар кандай себептери бар. Мисалы, радиация, туура эмес тамактануу, ультрафиолет нурлары жана ар кандай вирус-бактериялар ооруга себеп боло алат. Чылым тарткандардын 80-90%ы өпкө рагына кабылышы мүмкүн.

Ашказан рагына андагы бактериянын (Helicobacter pylori) пайда болушу себеп болот. Адегенде бактерия гастрит, бир аздан соң ашказандын жарасын жана шишикти пайда кылат. Боордун рак оорусунун эң  башкы себепкери гепатит В жана гепатит С инфекциялары болуп саналат. Бийик тоолуу аймактарда же Ысык-Көл облусунда жай мезгилинде адамдар күнгө туура эмес кактанып, ультрафиолет нурларынын себебинен тери рагына дуушар болушу ыктымал.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, туура эмес тамактануу да рак оорусун пайда кылат. Ашказанга күч келтирбей турган мөмө-жемиштерди көбүрөөк колдонсок, өзүбүзгө эле жакшы.

– Дарттын белгилери кандай? Ар бир түрүнүкү ар башка болобу?

– Биринчиден, эч себепсиз эле температуранын жогорулаганы, салмактын азайганы байкалат. Экинчиден, бездердин чочуп кетишинен шишик пайда болот. Териге ар кандай калдар пайда болуп, алардын өңү өзгөрүп, канап кетет. Буга кошумча кан аралаш заара кылса, дарыгерлерге кайрылышы керек.

– Кыздарды папилломага каршы эмдөө боюнча айтып берсеңиз. Ооруга канчалык жардам берет?

– Былтыркы жылдан баштап 11-13 жаштагы кыздарга папиллома, тактап айтканда, жатын рагына каршы эмдөө атайын чыгарылды. Вакцина чет мамлекеттерде колдонулуп келет. Ал эки этаптан турат: биринчисин 11-14 жашында алса, экинчисин бой жеткенде алат. Кыргызстанда кыз-келиндердин 72%ына эмдөө жасалды.

– Бул дартты дарылоо жолдорун айта кетсеңиз. Эгер дартты эртерээк аныктаса, адамдын жакшы болуп кетишине канчалык кепилдик бар?

– Азыркы учурда онкологияда көп ойлонткон суроолордун бири болуп жатат. Ар бир рактын 1-2-этаптарында ооругандардын сакайып кетиши 80-90%ды түзөт. Ооруга каршы башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да дары-дармек, операциялардын түрлөрү жана химиялык жолдор менен дарылоочу каражаттар бар.

– Статистикалык маалыматтарды карасак, өлкөдө рак дартына чалдыккандар жыл санап көбөйүп баратыптыр. Себеби эмнеде?

– Рак оорусуна чалдыккандардын көпчүлүгү өтүшүп кеткен маалда кайрылышат. Бейтаптар оорубаса, жүрө беришип, акыркы стадияларында келишет. Ошондон улам 70-80% диагноздор кеч коюлат.

– Канча убакытта бир жолу медициналык текшерүүдөн өтүп туруу керек?

– Үч жылда бир текшерилип туруу керек. Кыздар 15 жаштан тарта гинекологго кайрылып, 14 жаштан тарта УЗИден өтүп турушу зарыл. Адам канчалык эрте кайрылса, сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү да ошончолук жогору болот.

– Аялдар менен эркектер арасында дарттын кайсыл түрү көп кездешет?

– Аялдар менен эркектердин организминин түзүлүштөрү кичине башкачараак болот. Эркектер арасында өпкө, ашказан, кызыл өңгөч рагы көп кездешет. Ал эми аялдарда эмчек, тери, чоң ичеги жана жатын рагы менен ооругандар көп.

– Кош бойлуулар да бул дартка чалдыгышы мүмкүнбү? Аларды кантип дарылайсыздар? Балага канчалык таасири тиет?

– Кош бойлуулар калкан безинин шишиги (рак щитовидной железы) менен ооруп калышы мүмкүн. Бул илдетке чалдыгып калган мезгилде биринчи кезекте гинекологдон кеңеш алышы керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, баланы алдырууга (аборт) туура келет. Түйүлдүккө 6-7 ай болуп калганда рак аныкталса, көз жарган соң дарыланат.

– Кичине балдар ракка кабылабы?

– Албетте, кичине балдар да ракка чалдыгат. Чоңдор менен балдардын шишигинин айырмасы эки башка болот. Балдарда көбүнчө ак кан оорусу аныкталат. Убагында дарыласа, чоңдорго салыштырмалуу тез айыгып кетет. Бул жакшы жыйынтыкка алып келет.

– Бул дарттан сакайып кетүүдө адамдын иммунитети канчалык роль ойнойт?

– Ооруп калган кезде иммунитет вирустарга, бактерияларга туруштук бере албай калат. Ошол себептен ар кандай ооруларга алып келет.

– Рактын алдын алуу үчүн эмнелерди кылуу керек?

– Өтө жакшы суроо. Өпкө рагын пайда кылбоо үчүн чылым чекпөө керек. Чылым тарткан адамдын жанында отурбаганыңыз туура болот. Туура тамактануу менен спортко аз дегенде 30 минуталык убакыт бөлүү зарыл. Ошондой эле спирт ичимдиктеринен, радиация, ультрафиолет нурларынан алыс болуу керек.

– Көпчүлүккө маалым болгондой эле, бул дарттын дары-дармеги кыйла эле кымбат. Дегеним, өкмөттөн жеңилдиктер же кандайдыр бир жардамдар каралабы?

– Ооба, онкологиялык ооруларды дарылоонун үч түрү бар. Көбүнчө операциялык түрү колдонулат. Бирок бардык онкологиялык оорулар бир эле операция жолу менен дарыланбайт. Бизде дарыланып жатканда жарым-жартылай төлөсө болот. Андан сырткары кымбат дары-дармекти мамлекет берет.

– Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

Даярдаган: Үмүт Аманатова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM