Биз менен байланышыңыз

Катар: Кыргызстандык суучул дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 13 Фев 2024 | 434 | 0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Катардын Доха шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына чыкты.

Петрашов 50 метр аралыкты брасс ыкмасында сүзүп өтүү жарышында 60 спортчунун арасынан аралыкты 27,1 секудда бешинчи болуп сүзүп келип, жарым финалга өттү.

Жарым финалдык жарыш 14-февралга караган түнү болот.

11-февралда 100 метр аралыкты брасс ыкмасында сүзүүдө Денис Петрашов 13-орунду ээлеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM