Жашообузга онлайн-электрондук соода киргени товар жүгүртүү да бир кыйла жеңил жолго түшкөнү байкалууда. Дегенибиз, мурункудай дүкөн же базар кыдырбай, каалаган товарыңды интернет аркылуу буюртма берип, алдырып алууга шарт түзүлдү. Онлайн соода айрыкча Кытайда жакшы өнүккөнү айтылат. Албетте, бул боюнча элдин пикири ар кыл: бири өтө ыңгайлуу экенин айтса, бири ишенимдүү боло бербесин белгилейт.
Баса, ушул онлайн соода менен кошо тилибизге «маркетплейс (соода жай)» деген термин да киргенин айта кеткенибиз дурус чыгар. Эмесе, жогорудагы ар кандай пикирлерге жоопту Кытайдан товар алып иштеген 27 жаштагы маркетплейс-менеджер Нуржибек Кайрат кызынан угалы.
– Ишиңиз туурасында айтып берсеңиз, канча жылдан бери бул тармакта жүрөсүз?
– Мамлекеттик жумушта иштечүмүн. Балалуу болгондон кийин акча табуунун башкача жолдорун издей баштадым. Себеби шартым туура келбей жатты. Соцтармак аркылуу Түркиядан товар алдырып сатуу боюнча курска жазылдым. Барган сайын мени Түркиянын маркетплейстерине караганда Кытайдын маркетплейстери кызыктыра баштады. Анан Кытайдан товар буюртма берүүнү үйрөнүп, үч жылдан бери ушул тармакта ишкерлик кылып жүрөм. Өзүм ушул жумушумдун арты менен жакында Кытайга да барып келдим.
– Онлайн сооданы жаңы баштагандар кандай кыйынчылыктарга тушугат?
– Товар тандаганды жакшы билсең, анда маркетплейстердин кемчилиги деле жок. Бул бизнеске киришип жаткандарга кыйынчылык деп эч нерсе айта албайм. Анткени азыр бизде элдин баары колдонгон Wildberries сыяктуу эле, Кытайдын маркетплейстеринин да кыйын же түшүнүксүз жери жок, ыңгайлуу. Бир гана өзгөчөлүгү – кытай тили. Ушул жаатта көйгөй жаралышы мүмкүн. Бирок ошол кытай тилин да өзүбүз которуп иштешебиз алар менен. Товарды кантип тандоонун, кытай тилинен орус же кыргыз тилине которуп иштөөнүн оңой жолдорун билебиз. Эң негизгиси, колубузда телефон бар, интернет бар, болгону жакшы аракет кылуу гана жетиштүү. Анан сайтка кирип, катталууда кыйынчылык жаралышы мүмкүн. Ошондон аракет кылып өтүп алсак эле болду, калганында эч кандай кыйынчылык жок. Ошондой эле башында «Канча акча салышым керек? Канча сомдук товар буюртма беришим керек?» деген сыяктуу суроолор өтө көп болот. Муну кээ бири көйгөй кылып алышат. Чынында, бул жакта «мынча каражат сал» деген мажбурлоо жок. Мисалы, мен жолдошумдан 5000 сом алып, анын 3000 сомуна курс окуп, калган акчама товар буюртма кылгам. Алган товарымды өзүм эле жарнама кылып, социалдык тармактар аркылуу сата баштагам.
– Кытайдан товар буюртма кылууда алданып калгандар болобу? Дегеле, алдамчылардын торуна чалынбоо үчүн эмне кылуу керек?
– Кытайдын маркетплейстеринин баары расмий иштейт. Бул жакта алданып калуу деген болбойт. Товар бизге келгенге чейин эки адамдын колунан өтөт: биринчиси, товарды салган адам; экинчиси, товарды жеткирген ортомчу. Ортомчулар көпчүлүк учурда карго-компаниялар болушат. Эч кандай коркунуч, жоголуп кетүү, жоопкерчиликсиздик жок бул жерде. Ошондой эле ал жакта Кардарларды колдоо борбору бар. Кандай гана учур болбосун, кардардын кызыкчылыгын коргойт. Товар начар келип калса, жазып, тактап, анан өзүбүздүн акчабызды кайтарып алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар.
– Кытайдын кайсы маркетплейстеринен буюртма кылган оңой?
– Кытайда эң негизги 5-6 маркетплейс бар. Алар «кымбат, орто баа, арзан» деген категорияларга бөлүнөт. Биз үч маркетплейс менен тең иштешебиз. Кымбат, жакшы, сапаттуу буюм-тайымдар Poizon сайтында, орто баадагысы Taobao маркетплейсинде, ал эми эң арзаны Pinduoduo сайтында сатылат. Бирок сапаты да ошого жараша болот.
– Айрым кардарларга өзү ойлогондой сапаттагы товар келбей калган учурлар катталат. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?
– Ал сайттарда бир товарды бир эле дүкөн сатпайт, он башка адам сатышы мүмкүн. Ошол онлайн-дүкөндөн товар алып жатканда рейтинги жакшысынан тандоо керек. Бул жерде биз товар алганда рейтингине карап алабыз.
– Эгер келген товар жараксыз болсо же кемчиликтери чыкса, артка кайтарууга болобу?
– Биринчи жараксыз товардын келип калуу себебин тактайбыз. Бул учурда эки адам жооп бериши керек. Эгер өндүрүштүк ката болсо, ортомчуга жазабыз. Товарды тартып жөнөтөбүз. Такталгандан кийин товар чын эле ошондой болуп чыкса, акчабызды кайтарып беришет. Бизге келген товар Кытайга кайра кетпейт. Акчасын беришет. Эгер карго-компания же ташып келүүчүлөр жараксыз кылып койсо, өздөрү төлөп беришет.
– Кийим буюртма берип жатканда көпчүлүгү өлчөмү туура келбей каларынан чочулайт. Кийимдин өлчөмүн туура берүү үчүн эмне кылуу керек?
– Кытайлардын дене түзүлүшү биздикинен өзгөчө, сөөктүү келишпейт. Ошол себептен ал жакта чоң өлчөмдөгү кийимдерди табуу бир топ кыйын. Анан мен кийим буюртма берип жатканда өзүмдүн боюмду, салмагымды айтам. Сатуучу айткан өлчөмдү алсам, мага туура келет. Көптөрү ушундан ката кетирет.
– Товарга кандай жол менен буюртма бересиз, кантип сатасыз?
– Биз көбүнчө дароо алып келип сатпайбыз. Онлайн-дүкөндүн сайтында видеолор болот. Аны «Инстаграмдагы» баракчабыз аркылуу бөлүшүп, жарнама жасайбыз. Ал жерден кардар топтолгондон кийин товарды ошого жараша алып келебиз. Андан тышкары карго ачканбыз. Биздин баракчаны көрүп, ошол жактан буюртма беришет. Көпчүлүк кардарларыбыз өзгөчө товарларга кызыгышат.
– Элде «Кытайдын товары арзан» деген түшүнүк бар. Бул сөздөр канчалык негиздүү?
– Чынында арзан товарлар бар. Биз алгач товардын бул жактагы баасы менен ал жактагы баасын салыштырып көрөбүз. Эгер чын эле бул жактагы баага ошол товардан эки-үчөө келе турган болсо, буюртма беребиз. Эгер андай болбосо, кардарга «бул жактан эле алыңыз» деген кеңеш беребиз. Бирок бир нерсени унутпашыбыз керек: арзан товардын сапаты да жакшы болбойт.
– Социалдык тармактар бизнес жүргүзүүгө канчалык таасир эте алат?
– Бир жыл мурун социалдык тармакта активдүү иш баштаганда, кечиктим деп ойлогом. Бирок кечикпептирмин. Онлайн сатуу мындан ары дайым өнүгөт. Азыркы тапта товарларды «Инстаграм» жана «ТикТок» аркылуу сатуу бизде катуу өнүккөн. Жөн гана баракча катары иштетсең, 20-30 миң сом киреше тапсаң болот. Ал эми өзүңдү таанытып (жеке бренд) сатсаң, анда эл сага дагы да көбүрөөк ишенип, соода бир канча эсеге өсөт. Жакында эле Кытайга атайын барып келдим. Ал жакта азыр маркетплейстер товарларын түз эфирде сатуу тренд болуп жатыптыр. Бирок азырынча бул ыкма бизге келе элек.
Даярдаган: Назайым Тилевалдыева