Биз менен байланышыңыз

Катар экинчи жолу Азия Кубогун жеңип алды

Спорт | 10 Фев 2024 | 525 | 0

Катарда өтүп жаткан Азия Кубогу-2023 чемпионатынын финалдык оюнунда талаа ээлери Катар Иорданиянын курама командасын пенальти аркылуу 3 гол киргизип, 3:1 эсебинде жеңди. Катар ушуну менен экинчи жолу Азия чемпиону болду.

Иордания өз тарыхында биринчи жолу Азия Кубогунун финалдык оюнунда ойноду.

Оюндун биринчи бөлүмүндө Катардын оюнчусу Акрам Афиф пенальтиден ( 21-мүннөттө) гол киргизип эсепти ачты.

Иорданиянын оюнчусу оюндун экинчи бөлүгүндө ( 67-мүнөттө) Йазан Ал Наимат гол киргизип эсепти теңди. Андан Катардын оюнчусу Акрам Афиф эки жолу (75-мүнөттө жана 95-мүнөттө) пенальтиден гол киргизип, жыйынтыгында 3:1 эсебинде Азия Кубогунун финалдык оюну жыйынтыкталды.

Буга чейин спорт талдоочулар финалдык оюну кызуу болорун, анда Катар чемпион болоорун айтышкан.

Катар 2019-жылы болгон Азия Кубогунда чемпион болгон.

Copyright © 2017 Maral FM