Биз менен байланышыңыз

ChatGPTни кыргызча кантип колдонуу керек?

Блог | 11 Фев 2024 | 254 | 0

Мурат Жумашевдин адистиги англис тилчи мугалим. Бирок ал жаштайынан IT тармагына кызыгып, келечегин ушул кесиптен көргөн. Учурда IT жаатында эмгектенип келе жатканына он жылдын жүзү болду. Бул аралыкта көптөгөн долбоорлор менен  иштеп, Google Translate колдонмосуна кыргыз тилин киргизүүгө салым кошкон.

Ал бүгүнкү күндө адамдар ChatGPT тиркемесин колдонуу аркылуу тасмаларга сценарий, балдар жомок, ырларды жаздырып, пайдаланса болорун айтты. 

— ChatGPT  деген эмне?

— ChatGPT жөнөкөй тил менен айтканда, робот жардамчы. Робот дегенде колу-буту болбойт, аны баарлашуучу, ар тараптан өнүгүүгө жардам берүүчү десек болот. Кадимкидей эле сүйлөшөсүң, пикир алышасың, өзүңдү тааныштырасың, эмне керек экенин, кандай болушу керектигин сурап, маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар.

— Бүгүнкү күндө технология тездик менен өнүгүүдө, бат-баттан алмашууда. ChatGPT да жаңыланып турабы?

— Ооба, азыркы учурда технология, интернет тармагы тездик менен өнүгүүдө. Аны менен катар ChatGPT да азыркы учурга карап өнүгүүдө. Азыркы учурда ChatGPT-4 коммерциялык багытта иштөөдө. Анда ChatGPT-3кө караганда да маалымат бир канча эсеге көп, ар кайсы тармактагы маалыматтар камтылган. Андроид телефондогу Play Market, Айфон телефондогу Аpp Store сыяктуу эле ChatGPT Store бар. Ал жерде акын-жазуучулар, химиктер, физиктер, IT адистер жана башка көптөгөн тармактын өкүлдөрү үчүн маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок ChatGPT-4тү колдонуу үчүн ай сайын 20 доллар төлөп туруу керек. Анткени бул түрү буга чейинки түрлөрүнө караганда энергияны бир канча эсеге көп талап кылат. Ошондуктан акылуу кылышкан. Алдыда компютерлер жаңыланып, чиптери алмашкан учурда акысыз болуп калышы мүмкүн.

— Ал эми ChatGPT-4тө кыргыз тили барбы? Сиз колдонуп көрдүңүзбү? 

— ChatGPT-4тө кыргыз тили барбы деген суроо көпчүлүгүн кызыктырууда. «ChatGPTде кыргыз тили болсо» деген менин кыялым болчу, анткени ансыз деле кичинекей балдардын тили башка тилде чыгып жатат. Баарыбызды кубантып, ChatGPT-4кө кирди, бирок жогоруда айтканымдай айына 20 доллар төлөө керек. Мен өзүм колдонуп жүрөм, мен ChatGPTдеги кыргыз тилине 90% канааттандым. Карап, көзөмөлдөп туруу керек. Анткени кээде казакча, өзбекче кошуп салат, туура эмес да жооп берип салышы мүмкүн. ChatGPTни колдонуп, бирөөгө кат жаза турган болсоң, анда сөзсүз түрдө жакшы карап, текшерүү зарыл. Мисалы, Gooogleдан маалымат издөө үчүн бир гана сөздү эле жазып коюу жетиштүү болсо, ChatGPTге канчалык маалыматты кенен жазсаң, ошончолук жакшы. Себеби кенен маалымат алгандан кийин ошого карап, маалымат карап, таап берет.

— ChatGPT маалыматты кайдан алат? 

— ChatGPT маалыматы интернеттен алат. Ошондуктан интернетке кандай гана маалымат жүктөсөк, мүмкүн болушунча так-туура жазганга аракет кылуубуз керек.

— ChatGPT кантип колдонуу керек? 

— ChatGPT адам сыяктуу эле, аны менен баарлашасың, өзүңдү тааныштырасың, ал сени таанышы үчүн өзүң жөнүндө айтып бересиң. Башында сага таап берген маалыматтарды «сактоо керекпи же жокпу?» деп сурайт. Эгерде кесипке байланыштуу маселелер менен кайрылып, маалымат алып туруу үчүн колдонсо, сактаганы туура болот. Себеби ChatGPT колдонуп жаткан адамды таанып, кийин маалымат издегенде ошого жараша таап берет.

Мисалы, химиядан молекулалар боюнча маалымат керек. «12 жаштамын, мен түшүнө тургандай кылып айтып бер», — деп сурасаң, ошого ылайыктап маалымат таап берет. ChatGPTни башкаруу керек, ага кыргызча жазсаң деле англис тилинде жооп бериши мүмкүн, ага дароо «Ээ досум, токто. Мага кыргыз тилинде, жөнөкөй кылып түшүндүрүп бер», — деп айтуу керек.

— ChatGPT аркылуу тил үйрөнүүгө болобу?

— Албетте, болот, анда да толук маалымат берүү керек. Мисалы, «канча жаштасың, кайсы тилди үйрөнүүнү каалайсың, тил үйрөнүүдөгү максатың эмне, буга чейин англис тилин окуган белең?» деген сыяктуу. Кыскасы, толук маалымат бергенден кийин, ал ошого жараша баардык тилди үйрөтөт.

Андан сырткары балдар үчүн чакан жомок, ыр, чакан чыгармага ушул сөздөрдү колдон десем, адам жазган сөздөрдү колдоно берет.

Ошондой эле маалымат берип жатканда сөзсүз түрдө булагын көрсөтүп турат. Ал жакка кирип, кенен маалымат алууга болот. Кээде ошол макаланын, маалыматтын түпкү нускасын жүктөп, «ушуну окуп, мага жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бер» деп жазуу керек. Болбосо илимий татаал сөздөрдү, терминдерди колдонуп жазып салат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM