Биз менен байланышыңыз

Иордания-Катар: Азия Кубогун ким жеңет?

Спорт | 9 Фев 2024 | 847 | 0

10-февралда Азия Кубогунун финалдык оюну өтөт. Бул баскычка Азия Кубогунун фаворити саналган Түштүк Кореяны 2:0 эсебинде жеңген Иордания жана Ирандын футболчуларын 3:2 эсебинде утуп алган Катар чыкты. Футбол күйөрмандары кайсы команда жеңерин кызуу талкуулап жатышат. Айрымдары талаа ээси болгон Катар жеңерин айтса, кээ бири Иорданиянын футболчулары күчтүү экенин билдиришүүдө. Серепчилер бул жолку Азия Кубогу дүйнөдөгү башка чемпионаттардын арасында деңгээли жогорулаганын белгилешет. Бул жолку Азия Кубогунун финалдык оюну кандай болот, ким жеңиши мүмкүн? 

Азия Кубогу-2023 чемпионатынын жыйынтыкталарына саналуу күндөр калды. 16 команданын ичинен суурулуп чыккан Иордания жана Катар курама командалары 10-февралда финалда ойнойт. Иордания өз тарыхында биринчи жолу финалга чыкты. Ал эми Катар 2019-жылы да чемпиондукту жеңип алган.

Футбол күйөрмандары Иордания курама командасынын буга чейинки оюн көрсөткүчүнө карап, бул жолку финалда Иордания жеңиши мүмкүндүгүн айтышууда. Ал эми кээ бир күйөрмандар талаа ээлери Катарда жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин билдиришүүдө.

Чемпионат башталган учурда Азия Кубогунун негизги фовориттери катары Иран менен Түштүк Корея айтылып келген. Бирок эки команда тең финалга жетпей калышты.

Футбол талдоочу Адилет Керимбеков бул жолку Азия Кубогу жогорку деңгээлде өткөнүн айтып, Катар мамлекетинин даярдыгын жакшы деп баалады.

Ал Азия Кубогу башталганда арап өлкөсүндө өтүп жаткандыктан финалда арап өлкөлөрү чыгат деген ишенимде болгон.

Адилет Керимбеков бул жолку чемпионат Азия чөлкөмүндөгү футболдун деңгээли өскөнүн чемпионаттагы фаворит саналган командаларды орто деңгээлдеги командалар жеңип, финалга чыкканы менен байланыштырды.

«Бул жолку Азия Кубогу сенсация жараткан оюндарга бай болду. Оюн арап өлкөсүндө болуп жаткандыктан финалга арап өлкөсү чыгат деген ишеним бар болчу. Тилекке каршы, Азия Кубогундагы фаворит саналган командалар финалга жетпей калды. Иордания курама командасы өтө өнүккөн өлкө эмес, бирок алар азыркы учурда жеңишке суусап турушат, ага аракет кылууда. Иордания Катарды жеңип, ири сенсациялуу оюн өткөрүп коюшу мүмкүн. Бирок Катар үй ээси экенин унутпашыбыз керек. Андыктан бул финал пенальтиге чейин жетиши мүмкүн деп ойлойм».  

Өзбекстандык спорт талдоочу Жалолидин Кобилжановдун пикиринде, бул турнирде Катар мамлекетинин курама командасы чемпион болот.

Ал Катарда өз өлкөсүнө күйөрмандык кылып бир айга жакын убакыт болгонун айтып, бул жолку Азия Кубогу дүйнө чемпионатынын деңгээлинде болгонун кошумчалады.

«Катар бул турнирде чемпион болот деп ойлойм. Баардык күчтүү командалар финалга чыга алышкан жок. Иорданияны финага татыксыз деп айтуудан алысмын. Анткени алар жеңиш үчүн ар бир оюнда күрөшүштү. Катардын финалга чыгуусунда алардын үй ээси экенин да унутпоо керек. Ошол эле учурда, айрым оюндарда калыстар бир аз алардын пайдасына чечип коюп жатты».

УТРКнын «Спорт» каналында 10 жылга чукул убакыттан бери баяндамачы болуп келген Бексултан Усеналиевдин айтымында, тайпалык оюндардан кийинки беттештер жогорку деңгээлде өттү.

Ал финалга чыккан командалардын Азия Кубогунда мыкты оюн көрсөткөнүн белгилейт. Бексултан бул жолку финалда Катар фаворит экенин айтат.

«Бул оюнга финалга чыккан эки команда да жакшы ойноду. Катарда кээ бир катачылыктар болуп жатты. Бирок Иордания чыныгы командалык оюн көрсөттү.

Финалда фаворит – Катар, анткени тажрыйбалуу команда, күчтүү оюнчулары бар. Финалдык оюн кыйын болот. Менимче, Иордания жеңиши мүмкүн».

Спорт баяндамачысы Кубан Жумамидиновдун айтымында, Азия чөлкөмүндө футбол атаандаштыгы күчөп жатат.

Ал финалда атаандаштык күчтүү экенин, беттеш тең чыгуу менен жыйынтыкталышы мүмкүндүгүн айтат.

«Катар оюндарда татыктуу жеңиш менен финалга чыкты. Ал эми Иордания көпчүлүктү таң калтырып, биринчи жолу финалга чейин келди. Алар буга чейинки Азия Кубокторунда жарым финалга да чыгышкан эмес болчу. Команданын курамында «жылдыз» оюнчу деле жок, Европада ойногон бир гана оюнчу бар. Иорданиянын марокколук башкы машыктыруучусу жакшы тактика менен келген экен. Менимче, кызыктуу, сапаттуу оюн болот. Мен Иорданияны жеңсе дейм, бирок Катар үй ээси экенин эске алганда, буга чейинки Азия Кубогундагы оюндардын жыйынтыгы менен алардын да жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору».

 

Азия Кубогуна тайпалык баскычында Катардын футболчулары «А» тайпасында Кытай, Тажикстан, Ливандын курама командаларына бет келди.

Анда Катар 9 упай топтоп биринчи орунга чыкса, Тажикстан 4 упай менен экинчи орунга чыккан. Чейрек финалда Катар менен Өзбекстан бет келип, жеңиш пенальти тебүү аркылуу аныкталды. Ал эми жарым финалда Катар командасы Иран командасы 3:2 эсебинде утуп, финалга кадам койду.

Ал эми «Е» тайпасында Бахрейн, Түштүк Корея, Малайзия командаларына бет келген Иордания өз тарыхында биринчи жолу финалга чыгууда.

Иордания чейрек финалда Тажикстандын командасы менен ойноп, 1:0 эсебинде утуп, жарым финалда Азия Кубогунун фаворити саналган Түштүк Кореяны жеңип, финалга чыкты.

Иордания менен Катар буга чейин 17 жолу беттеш өткөргөн. Анда 10 оюнду Катар жеңсе, беш оюнда Иордания уткан, эки жолу тең чыккан.

Футбол серепчилери Азия кубогуна чейин Түштүк Корея, Иран, Жапония жана Австралияны фаворит деп айтышкан.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Кийинки Азия Кубогу 2027-жылы Сауд Арабияда өтөт.

18 жолу өткөн Азия Кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолу, Түштүк Корея эки ирет чемпион болушса, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолу чемпион болгон.

Copyright © 2017 Maral FM