Биз менен байланышыңыз

Дүйшөнбеков: Медиа чөйрөсүндө иштебегендер мыйзам жазып чыгышууда

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2024 | 1052 | 0

Медиа чөйрөсүндө бир да күн иштебей туруп, мыйзам жазып чыккандар медиа эмне экенин бизге түшүндүргөндө бир чети күлкүң келет. Мындай пикирин «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков «Маралдын» эфиринде айтты.

«Өзгөчө жогорку кызматтагы адамдар туура маалымат бериши керек. Венеция коммисиясы 2-3 өлкөнү камтыган уюм эмес. Алар мыйзам жаатын жакшы билген дүйнөдөгү юристтерди топтогон. Бизге эле эмес, көп мамлекеттерге кеп-кеңештерин берет. Юстиция министрлиги «катталбай, баш ийбей жатат» деп жатат. ЖМКлар мамлекет берген күбөлүктү алып, катталып иштеп жатышат. Эгерде андай болбосо, аларга прокуратура реакция кылып, иш козгомок», — деди Дүйшөнбеков.

Анын айтымында, бул жерде аналитика кылган, интервью алган, маалымат таркаткандардын баарын бириктирип, «ортомчу» атап коюшкан. Ошондуктан мыйзам долбоорунда так эмес нерселер бар.

«2019-жылы министрликке атайын тапшырма берилген. Мен мурдагы эфирде да бул жөнүндө сурадым. «Кайсы бир мекемеге «силер туура эмес катталып калыпсыңар» деп бир кат жөнөтүп койдуңарбы?» деп сурадым. Ушундай бир ишти кылбай туруп, дароо эле бир жаңы мыйзам жазып чыгып жатышат. Эгерде тийиштүү кызматкерлер ишин аткарбаса, бул деле ошол боюнча аткарылбай калып кете берет», — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM