Биз менен байланышыңыз

«Иликтөөлөр жасалбай калат». Сооронбаева ЖМК мыйзамынын кесепеттерин эскертти

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2024 | 774 | 0

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору медиа коомчулукту эле эмес, депутаттарды да кооптондурган долбоор болуп жатат. Мындай пикирин медиаэксперт Асел Сооронбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал бул мыйзам ушул бойдон кабыл алынса, журналисттер иликтөө жасай албай, колу-буту тушалып каларын белгилейт.

«Бул мыйзамдын чийки экени 6-февралда болгон ЖКнын жыйынында да айтылды. Медиа коомчулукту эле эмес, депутаттарды да кооптондурууда. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салышты. Бул ишке аша турган болсо, иликтөө эч качан жасалбайт, коррупциялык схемалар ачылбайт. Анткени ар бирин жасаарда уруксат сурашың керек экен. Мисалы, «Марал» радиосу ЖКнын залында депутаттардан көп сурамжылоо жүргүзөт. Ошол сыяктуу сурамжылоолорду да кыла албай кала турган жагдай болуп жатат», — деди Соооронбаева.

Ал бир катар ири эл аралык уюмдар, өлкөдөгү беделдүү медиа юристтер «ЖМК жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору адам укуктарына каршы келе турган мыйзам экенин эскертип жатышканын кошумчалады.

«Венеция коммисиясы, биздеги «Адилет» укуктук клиникасы мыйзамдын кайсы жерлери эл аралык өлчөмгө жана Башмыйзамга туура келбей турганын көрсөтүп берген. Ошондой эле бул жерде улуттук доменди алып жүргөн медиалар гана катталышы керек экен. Андан башка ютуб каналдарында, социалдык тармактарда этикага туура келбеген маалыматтарды таратып жаткандар толтура. Ал эми журналисттердин чыгарып жаткан маалыматтары атайын чыпкадан өткөрүлөт, сөзсүз такталып чыгат», — деди медиа эксперт.

«ЖМКлар жөнүндө» мыйзам долбоору 55 беренеден турат. 1992-жылдын 2-июлунда кол коюлган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей калды деген негизде жаңы долбоор сунушталган.

Документте белгиленгендей, үзгүлтүксүз чыгып турган мезгилдүү басылмалар, телеканалдар менен радиолор, веб-сайттар, маалымат агенттиктери жана маалымат чогултуу, аны таратуу менен алектенгендер жалпыга маалымдоо каражаты деп эсептелинет.

Жалпыга маалымдоо каражаты мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ишин баштайт.

Ошондой эле «веб-сайттар Санариптик министрлигинен милдеттүү түрдө тармактык маалымат каражаты катары катталууга тийиш» деген талап коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM