Биз менен байланышыңыз

Экзамен учурунда эс тутумду жакшыртуу үчүн кандай азык сунушталат?

Блог | 7 Фев 2024 | 249 | 0

Ар бир экзамен, сынак студенттерди кыжаалат кылган – олуттуу учур. Бул убакта алар уйкуга азыраак, даярдыкка көбүрөөк убакыт коротушат. Андыктан ден соолугуна зыян экенин эске албай, тез даяр болуучу тамактарга басым жасашат 

Серепчилер экзамен учурунда азыктын сапатына көңүл буруу өтө маанилүү экенин айтышат. Анткени зыяндуу азыктар, өз убагында уктабоо, чарчоо, кыжаалат абал эс тутумга терс таасирин тийгизет.

Балдардын экзамени ата-энелерди ар кандай ойго салары бышык. Андыктан алар балдарына көмөкчү болуп, жакшы шарт түзүүгө, маанайын түшүргөн иштерди жасоого далалат кылганы жакшыраак. Дегеле экзамен учурунда баладан ашыкча нерселерди талап кылуу туура эмес көрүнүш катары бааланат. Ошол эле маалда туура тамактануусуна, өз убагында эс алуусуна, уйкусунун тынч болушуна көңүл буруу зарыл.

Дарыгерлер газдалган суусундуктардын, энергетикалык ичимдиктердин, фаст-фуддун ден соолукка өтө зыян экенин айтышып, экзамен тургай, жөн турмушта да колдонбоого үндөп келишет. Анткени мындай азыктардын эс тутумга, иш жөндөмгө, акыл-эске терс таасири өтө чоң. Андан сырткары нерв клеткаларын азайтып, психикалык бузулуулардын өнүгүшүнө алып келет.

Көптөгөн изилдөөлөргө караганда, жаш куракта майлуу тамактарды жана шекерди көп колдонуу кабыл алуу жөндөмүнө таасир этип, эс тутумдун начарлашына жеткирет.

Каныккан майдын жогорку деңгээли (тез татымдарда же куурулган тамактарда кездешет) мээ клеткаларына зыяндуу болорун эске алганыбыз туура болот.

 Туура тамактануу эс тутумду жакшыртат 

Көпчүлүк дарыгерлер эс тутумду жакшыртуу үчүн жумуртка жегенге кеңеш беришет. Анткени анын курамында энергия берүүчү керектүү кислота жана белок бар. Ошондой эле балык жана жаңгак сунушталат. Себеби бул азыктар да эс тутумду жакшыртууга, ойду бир жерге топтоого (концентрация), кыжаалат абалдын арылууга жардам берет.

Фастфудду жаңы мөмө-жемиштерге, жашылчаларга алмаштыруу керек. Андагы антиоксиданттар жана алардын клетчаткалары кандагы канттын деңгээлин турукташтырууга жардам берет.

Балык, авокадо жана жаңгак нейрондордун пайда болушуна көмөктөшөт. Бул азыктардагы «Омега-3» май кычкылы ден соолукту сактоонун эң жакшы булагы экени маалым.

Мээ үчүн эң жакшы мөмө-жемиш 

Адам баласынын акыл-эсин дароо жакшырта турган азык жок. Анткени менен акыл-эске жакшы таасир берген азыктар бар.

Бадам. Акыл-эске, иштөө жөндөмгө жакшы таасир берген жемиштердин бири. Бир ууч бадам адамды ток тутуп, ойду чачыратпай, бир жерге топтоону жакшыртуучу белокту берет.

Жаңгак. Мээ үчүн эң жакшы азыктардын бири. Жаңгак эс тутумду жакшыртып, концентрация деңгээлин жогорулатат. Ошондой эле маанайды жана логикалык ой жүгүртүүнү жакшыртат 

Мөмө-жемиштерден алма, шабдалы, банан жана цитрус антиоксиданттарга бай. Алар эс тутумду жана психикалык саламаттыкты жакшыртат 

Ашкабактын уругунун курамындагы цинк, белоктор, витаминдер, маанилүү май кислоталары зат алмашууну жакшыртат. Андан сырткары иммунитетти жана мээнин иштешин жакшыртып, нерв системасына керектелүүчү минералдарга бай.  

 Экзамен учурунда кошумча энергия алуу үчүн мөмө-жемиштер менен жашылчаларды аралаштырып, ширесин ичүү сунушталат. 

Даярдаган: Үмүт Аманатова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM