Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ипотеканы кантип алса болот?

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Фев 2024 | 1157 | 0

Мамлекеттик ипотека компаниясынын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов «Маралдын» эфиринде мамлекеттик ипотеканы кимдер, кантип, кандай шартта алса боло турганын айтып берди.

Компаниянын учурдагы иштөө тартиби кандай? 

Мамлекеттик ипотека компаниясы түптөлгөндө банктар аркылуу иштөө механизми киргизилген. Башында 14% болчу, 2021-жылдан бери 4%дан бериле баштады. 2023-жылдан бери банктан кетип, ипотекалык компания курган үйлөрдү түзмө-түз сатуу механизмине өтүп жатат. Жарандар үйдүн курулушу башталганда бир аз суммасын төлөй баштайт. Ал эми калганын мамлекеттик ипотекалык компания 15 жылга чейин насыя катары бүтүрүп берет. Сегиз жылдын аралыгында 9 миң 400 жаранга үй берилген.

Кайсы жактан жана кимдер алса болот?

Ушул убакка чейин кезекте турган жана кезекке тура элек жарандар ала алат. Алар эч бир жерге барбай эле компаниянын расмий сайты аркылуу арыз жазса болот. Кандайдыр бир кыйынчылык жаралса, ар бир райондо, ар бир шаарда жооптуу кызматкерлер бар. Ошондой эле турак жай ала турган адамдын үйү жок болушу керек. Биздин максат: турагы жок адамдарды үй менен камсыз кылуу. Ала турган адам 21 жаштан 70 жашка чейин болушу шарт.

Ипотекалык үйлөр кайсы жерлерге курулат?

Жарлыка байланыштуу бир айдын ичинде мамлекеттин каттоосунда турган жерлерди ипотекалык компанияга өткөзүп бергенден кийин курулуш башталат. Үйлөр бардык аймактарда курулат. Биринчи облустук, райондук борборлордо, андан кийин гана айыл жерлеринде курула баштайт. Башталышта үйдүн ээси катары ипотекалык компания эсептелет да, турак жайга жашап жаткан жаран үчүн жооптуу болот. Сатып алуу суммасы толук төлөнүп бүткөндөн кийин үй жаранга өткөрүлүп берилет.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка өткөн айда кол койгон.

Мамлекет башчы бул жаатта суроолор болсо, Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылууга чакырган.

Компаниянын дареги: Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспектиси ½. Телефондору: 0772 98 89 01, 0552 98 89 01 же болбосо 0553 98 89 01 (вотсап). Сайты — www.gik.kg

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM