Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курамасы Тажикстанды 4:2 эсебинде утту

Кыска кабар , Спорт | 6 Фев 2024 | 399 | 1

Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы 5-февралда Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионаты – CAFA Women’s Futsal Championship 2024 турниринин экинчи айлампасында Тажикстандын командасы менен ойноду.

Оюн 4:2 эсебинде Кыргызстан футзалчыларынын утушу менен аяктады. Кыргыз футбол союзунун маалыматына караганда, эки голду Кенжебүбү Ырысбек кызы, ал эми калган эки голду Нурсулуу Мурзакулова менен Медина Рысбекова тепкен.

Биринчи турда кыргызстандыктар Түркмөнстан командасын 3:1 эсебинде утуп алган.

Эки раунддун жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук кыздар командасы 6 упайга ээ болуп, 1-орунду ээледи.

7-февралда Кыргызстандын курама командасы Иран менен беттешет.

1 пикир

1 пикир

  1. Эрнисбек

    06.02.2024 18:23

    Алгаа Кыргызстан кыздары азматсынар ийгилик калайым

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM