Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Туризмге бир кирген адам кайра чыккысы келбейт

Блог , Пикирлер | 5 Фев 2024 | 402 | 0

Мурдагы министр, туризм маселелери боюнча эксперт Азамат Жаманкулов «Маралдын» эфиринде туризм тармагындагы долбоорлор тууралуу, ушул тармакта эмнелерге көңүл бурушубуз керектигин, Кыргызстандагы туризмдин абалын айтып берди.

— Ушул күндөрү Ош аймактарын кыдырып, туризм тууралуу бир катар окууларды жүргүзүп жатыпсыздар. Ошол жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?

— Ошто чоң долбоор баштадык. Көптөн бери эле «Кыргызстан — туризмдин өлкөсү» деп келебиз. Бирок акыркы 30 жылды карап көрсөк, туризмдин өнүгүшү үчүн көп каражат бөлүнбөптүр. Жакынкы аралыкта эле атайын фонд ачылып, 1 млрд сом бөлүндү. Ал эми туризмди өнүктүрүү үчүн атайын көңүл буруп, биринчи ички туризмден башташыбыз керек. Туризмде эң биринчи — адам фактору. Бул жаатта технологиялар иштебейт, ошондуктан адамдарды окутуп даярдашыбыз зарыл. Туристтердин эң көп келишинин себеби: тейлөөнүн мыкты болушу. Ошол үчүн туризмдеги стандарттарды үйрөтүп, система түзүп беришибиз керек.

Окуу Ош облусунун бүт аймагында башталды. АРИСтин төрт баскычтуу долбоору бар. Биринчи баскычы Ош шаарында эле иштелип чыкса, андан кийинкилери аймактарда иштеп жатат. Анын ичине «туризм тармагындагы 100 ишкерге 10 миң доллардан берүү» пункту да кирген. Алар арызында эмнелер керек экенин так көрсөтүп берип, пландаган нерсеси алдыда ийгиликтүү иштелип чыкса, дагы 20 миң доллардан берилет. Ошондуктан биринчи этапта туруктуулугун көрсөтүүлөрү зарыл. Бул каражаттар Кыргызстанга Дүйнөлүк банктан бөлүнүп, АРИС ортомчу катарында иштеп жатат.

— Иштин баарын компоненттерге бөлүп, даярдап алыпсыздар. Эми кайсыл жагынан баштайсыздар?

— Январь айында анализдеп чыктык. Ал эми февралда окуу модулдарын иштеп чыгабыз. Ар бир адамга ар кандай билим керек болот. Мисалы, кээ бирине каржылык сабаттулук керек, баяндамачыларга бара турган жердин тарыхын, сүйлөө техникасын үйрөтүү зарыл. Биздеги баяндамачылардын деңгээли орточо.

Андан тышкары туризм тармагындагы окуу каражаттары абдан аз. Көбүнчө жакшы технология менен келген китептер англис тилинде. Ошолорду которуп, окуу модулуна даярдайбыз.

— Көп тил билүү зарылчылыгы канчалык маанилүү?

— Бүтүндөй категория боюнча эң чоң муктаждыктардын бирөө англис тили болду. Анткени аймактарда англис тилин билген адамдар жокко эсе. Ошондуктан айдоочулардан да «баяндоочу болгонго даярбыз, бирок тил билүү жагыбыз жок болуп жатат» дегендер болду. Бир группа келе турган болсо, баяндоочу, айдоочу, ашпозчусун өзүнчө алып жүрүшөт. Жайкы сезонго кандайдыр бир деңгээлге чейин базалык билим беребиз. Андан кийин да улантууну сүйлөшүп жатабыз.

— Сиздин изилдөөңүз боюнча өлкөбүздө жогорку айтып кеткен тармактар кандай деңгээлде?

— Өлкөбүздүн чоң шаарларында ресторан, отелдердин тейлөөсү жакшырып калды. Көптөгөн менеджерлер чет өлкөдөн көрүп, окуп келишип, алар башкаларга үйрөтүп, жакшы бир деңгээлге алып келип алышты. Бирок аймактарда төмөн деңгээлде десек болот. Биз каныбыздан эле меймандос келебиз, бирок туризм тармагы стандарттуу тармак болуп эсептелет. Туристтер келгенде күндө эле бешбармак бере берсек болбойт. Ошондуктан атайын стандартка салып алышыбыз керек. Келген туристтер да «эт аябай көп колдонулат экен» деген сөздү көп айтышат.

Бизде потенциал көрүнүп эле турат. Ошону ачып бергенди билишпейт. Мисалы, Ошто «Атабектин кабыргасы» деген кафе бар. Чынында эле аябай даамдуу экен. Анан «Эмне үчүн мунун тарыхын айтып бербейсиңер, келген туристтер кызыгат да», — деп сурадык. Атайын бөлмө да ачып, бирок аны жаап коюшуптур. Ал жерге эч ким кирбейт да, көрбөйт да экен. Деңгээл аймактарда ортодон төмөн, шаарларда орто жана брендге айланып калган туристтик жерлерде эң жакшы десек болот.

— Сиздердин командаңыздарда окутууларды кимдер жүргүзүп жатат?

— HORECA биримдигинин башчысы, маркетологдор жана туризм тармагында анализ жүргүзүп жүргөн адистер бар. Окуу модулунун жүрүшүнө жараша тарыхчыларды, психологдорду жана финансы адистерин алабыз. Ошто туруп эле жарнама кылганыбызды чет өлкөдөгү жарандар көрбөшү мүмкүн. Ошондуктан навигаторлорду колдонуп жарнама кылганды, интернетте үгүт иштерин жүргүзүүнү, рейтингди көтөрүү системасын үйрөтүп беребиз.

Андан тышкары акыркы 5-6 жылдан бери донорлор Алай жана Чоң-Алай райондорунда аябай активдүү иштешет. Оштун райондорун салыштыра турган болсок, Алай менен Чоң-Алай биринчи орунда. Анткени тоолуу район деп, донорлор көбүнчө ошол жакка барышкан. Үйрөтүүнүн жыйынтыгында деңгээл жогорулап баштайт экен. Ошол жерде жашап, иштеген жергиликтүү 30 ишкер бар. Жеринде эле мейманканаларды ачып, өздөрү баяндамачы болуп, тоого чыкканга аттарды ала баштаган. Азыркы учурда атайын кышкы мезгилде заманбап чаналарды алып, акырындан тик учакка чейин жетип калат деген үмүттөр бар. Ал эми башка окутулбаган жактарда эч кандай кыймыл-аракет жок.

— Мейманкана ачып иштеткендер көбүнчө эмнеден кыйналышат? 

— Аймактарда көбүнчө суу маселеси көйгөй жаратат. Бул маселе бара-бара чечилип келе жатат. Бул айрыкча Алай жана Чоң-Алай райондорунда өтө эле көйгөйлүү маселе. Себеби турист келгенде таза, шарты мыкты жай издейт. Ал жерде стандарт боюнча шейшеп, сүлгүлөрдү күндө алмаштырып туруу зарыл. Аларды жууп-тазалоо үчүн кир жуучу машиналарды иштетүү керек. Андан кийин кышында жылуулук маселесин жана тамак берүү маданиятын көпчүлүк мейманкана иштеткендер билишпейт. Бул да 2-3 жылдын ичиндеги тажрыйбадан улам жакшырып кете берет. Бирок туристтер биринчи келип эле өздөрүнүн тамактарын сурашпайт. Алар биздин тамактарды жеп көргүсү келет. Андан кийин гана организмдери кабыл алышына жараша айтышы мүмкүн.

Биздеги жакшы нерсе балдар технологияны эң жакшы өздөштүрүшөт. Атасы-апасы мейманкана иштетет, бирок сайттарда бүт кичинекей балдар отурат. Жакында эле Алайга барганда бир кыз 1-классынан баштап агрегаторго киргенди апасына үйрөтүп, англис тилин өздөштүрүп, туристтерди чакыра баштаган экен. Быйыл 11-класста окуйт экен. Токиого тест тапшырып, акысыз окууга өтүп кетиптир.

— Сиз социалдык баракчаларыңызда «Алай жана Чоң-Алай аймактарында кышкы туризмди өнүктүрүшүбүз керек» деп жазыпсыз. Азыркы учурдагы климаттын өзгөргөнү буга таасирин тийгизеби? 

— Кышкы туризмдин эң негизги фактору — кар. Быйыл Алайга барганда да көрдүк, жылда метрлеп жаткан жерде андай кар жок. Бизде тоолуу жерлерде кар бар, бирок ал жакта калганга үй же чыкканга асма жолдор жок. Дүйнө жүзү боюнча стандартка туура келген тоо базаларында кар жок болуп кетип жатканы үчүн, бул тармактын сүйүүчүлөрү кайсы жерде кар бар экенин издеп жүрүп келишет. Ал эми тоо туризминде кардын болушу чоң мүмкүнчүлүк.

Андан тышкары Алай жеринде жаштарды кармап туруу өтө кыйын нерсе экен. Бирөөнү бандамачы кылып тил үйрөтсөң, жайы менен иштеп, бирок кышында таппай каласың. Себеби миграцияга кетип калган болот. Ошондуктан азыр жайкы мезгилде гана эмес, кышында да иштеп кетүүгө боло турган мүмкүнчүлүктөрдү үйрөткөнү жатабыз.

— Туризм тармагы бир деңгээлге түшүшү үчүн мамлекет кандай шарт түзүшү керек? 

— Менин оюмча, бүгүнкү күндө мамлекеттин эң чоң милдеттеринин бири: бизнеске инсфраструктура, шарт түзүп берүү. Бизде туристтик жайлар көбүнчө тоолордо, токойлордо жана экологиялык жайларда жайгашкан. Ал жакка баруучу жолдордун абалы абдан начар. Эгерде ал жерге мейманкана же туристтик жай куруу максатында барам десең, унаа менен бара албайсың.

Туристтик тармакта бир кичинекей жерди ачуу үчүн ишкерге каражат керек болот. Мамлекет тарабынан кредиттик өлчөмдө насыялар берилсе да жакшы болот. Дагы бир чоң көйгөй: туристтик жай курула турган жерлер өзгөчө статуска ээ болгон эмес. Бул жерлердин баары Токой чарбага, Айыл чарбага же шаарга тиешелүү. Туризм тармагын баштоо үчүн көптөгөн эшиктерди кагууга туура келет экен. Ишкерлердин батыраак ирденип кетиши үчүн ошол нерселерге жеңилдик киргизишибиз керек.

Андан тышкары каражат жагына барып такалат. Кыргызстан өзүн дүйнөгө аябай катуу жарнамалашы керек. Себеби өлкөбүз жөнүндө көп билишпейт. Азыр бөлүнгөн каражаттардын баары ошого кетип жатат. Негизги максат дүйнөдө өтүп жаткан жарманкелерде Кыргызстанды таанытуу. Менин оюмча, бул нерсе мындан да активдүү жүрүшү керек.

— Бул тармакты жалпылап алып караганда, алдыдагы күтүүлөр кандай болуп жатат? 

— Бул жерде ишке ашыруу командасы билимдүү, жакшы түзүлгөн. Ишке ашырууга көзүм жетип жатат. Эң көйгөй болгон нерсе каражаттарды ар кайсы жактан табуу керек. Азыр камсыз кылып жаткан долбоорлор бардык компоненттерди каржылай албайт. Бир гана каражат жагынан кээ бир жерлерде каржылай албай калышыбыз мүмкүн.

— Ички авиакаттамдардын тейлөөсү туристтер үчүн канчалык деңгээлде ыңгайлуу? 

— Азыр аймактарда авиакаттамдар учуп келүүчү жайлар ачыла баштады. Бул өтө маанилүү. Анткени туристтер заманбап учурда бир жерден экинчи жерге 4-5 күндөп учкусу келбейт, 1-2 саатта барып келүүнү каалайт. Бул жерде да эки факторго бөлүнөт. Биринчи жактагы адамдар бат-баттан барып калууну каалап, 10 күндө 10 жерди көргүсү келет. Экинчи фактордогу адамдар дүйнөнүн тез өнүгүшүнө каршы. Алар бир барган жерине 10 күн калып, жайбаракат эс алгылары келет. Биз экөөнү тең кабыл алганга шарт түзө беришибиз керек. Ички авиакаттамдар жакшы, бирок сырткы авиакаттамдардын абалы начар. Биз дагы эле «кара тизмеден» чыга элекпиз. Бүгүнкү күндө Европадан түз учуп келген бир да авиакаттам жок.

— Биз туристтерди эмнебиз менен тарта алабыз? 

— Бизде Кудай берген табиятыбыз бар. Абдан ачык, адамдык сапаттары бийик элибиз бар. Биз туристтер менен иштешип жүргөн үчүн алардан кетип жатканда ойлорун сурайбыз. «Көптөгөн өнүккөн өлкөлөргө барабыз, бирок Кыргызстандагыдай элди кездештирүү кыйын. Элдин меймандостугу, эч нерсеси жок болсо да, үйүнө алып кирип, тамагын бергени жүрөгүбүздө калат» дешип, жакшы сөздөрүн айтып кетишет.

Андан тышкары былтыркы жылы Индиядан бир канча Болливуд компанияларын алып келдим. Алар көбүнчө 10-15 минуталык кадрларды кыска-кыска кылып, ар кайсы жерден тартып кетишет. Бирок Кыргызстандан бир жарым сааттык тасманы толук тартып кетишти. Америкадан да бир-эки киши келип, Бишкекти Нью-Йоркко окшоштуруп, «мындай элди башка жактан кезиктирген эмесмин» деп кетишти. Эң негизгиси экологиянын, азык-түлүктүн тазалыгы өлкөбүзгө тартып жатат.

— Ал эми Өзбекстанда бул нерсе кандай? 

— Ал жакта көбүнчө тарыхый туризм. Жайкы мезгилде абдан ысык, ошол үчүн кышкысын башталат. Аларда тарыхый жерлердин сакталып калуу деңгээли бир кыйла жогору жана мейман тосуу жагы стандартташып калган. Маданияттардын биригип келген жеринде бир уникалдуу нерсе пайда болот экен. Ошондой нерселер көбүнчө ал жакта жолго коюлган.

— Ошондо биз туристтердин эмне каалай турганын изилдешибиз керекпи?

— Ар бир мамлекеттин өзгөчөлүктөрү бар. Алар келе жатканда изилдеп билишибиз керек же өздөрү айтышы зарыл. Мисалы, арабдардыкы халал туризм. Алар келгенде мейманкананын ичинде намаз окуучу жерлер, унаада сөзсүз жайнамаз, суу болушу зарыл. Мүмкүн болсо баяндамачылар эркектерге эркек, аялдарга кыздардын болгону жакшыраак. Арабдар музейлерге, шаарларга жана беш жылдыздуу отелдерге барууну каалашпайт. Биздин табиятка барып, өздөрүнүн чатырларында же боз үйдө жатканды жактырышат.

Ал эми европалыктарда такыр башкача. Алар жергиликтүү, улуттук жерлерге жана музейлерге аябай кызыгышат. Жакшы жерде калууну каалагандары да, жергиликтүү тургундардын үйүндө жашап көрүүнү каалагандары да бар. «Ошол адамдар менен баарлашып, ошолор менен кечки тамак жегим келет» деген туристтер да болот.

— Алдыда окутуу планыңыздар кандай жүрөт? 

— Биринчи Ош аймагынан баштайбыз. Ал жактагы жети райондон чогултуп, андан сырткары шаарларга басым жасайлы деп жатабыз. Башка облустарга да баруу планыбызда бар. Бирок азыр бир жерден деңгээлибизди жогорулатып, ошол ыкма аркылуу башка аймактарга баруу. Кыргызстанда туризм боюнча биринчи орунда Ысык-Көл турат. Анткени көп каражат ошол жакка жумшалган. Инфраструктура жагынан, адамдардын даярдыгын эске алганда, андан кийин эле Ош облусу турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM