Connect with us

Екатеринбург шаарындагы мигранттардын абалы кандай?

Блог , Пикирлер | 31 Янв 2024 | 699 | 0

«Кыргызстан-Урал» коомдук бирикмесинин жетекчиси, Орусиянын Свердлов облусунун губернаторунун алдында түзүлгөн улуттар маселеси боюнча консультативдик кенештин мүчөсү Гүлшан Долонбаева «Маралдын» эфиринде Орусиянын Екатеринбург шаарындагы мекендештердин абалы тууралуу маек курду.

— Январдын ортосунда Екатеринбург шаарында болгон мигранттарга мамиле эмнеден кабар берет? Кандай чара көрүлүшү керек?

— Свердлов облустук бийлигинин расмий маалыматына караганда, өткөн жылы 2410 рейд өткөн. Анын ичинде 24 миң мыйзам бузуу катталган. Бул нерсе жыл сайын эле болуп турат. 17-январдагы рейдде кыргыз жарандарына эле эмес, жалпы КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына кылган мамилеси чоң резонанс жаратты. Ошого байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургдагы консулдук менен бирге кат жөнөткөн. Азыр катка расмий жооп күтүп жатабыз.

Мен коомдук уюмдун жетекчиси жана коомдук ишмер катары да бул көрүнүштү туура эмес деп эсептейм. Андан тышкары жыл сайын рейддер өткөндө аябай көп мыйзам бузуу катталат. Көбүнчө чек арадан туура эмес өтүп, жумушка же каттоого турганда ката кетиришет. 2023-жылы чет элдик жарандарга карата 400дөн ашуун өлкөдөн чыгарып салуу учуру жана 200дөн ашык куугунтук катталган. Анын ичинде биздин кыргыз жарандары да бар.

— Екатеринбургда канча кыргыз жашайт? Алар эмне менен алектенишет? Мекендештердин социалдык, экономикалык абалы мурдагыга караганда жакшырдыбы?

— Бейрасмий маалыматтар боюнча 35 миң жаран иштеп келе жатат. Биринчи миграциянын очогу да ошол жерде башталган. Ал жактан башка шаарларга тарап отуруп, азыр 1,5 миллиондон ашык мекендешибиз бар. Акыркы изилдөөлөр боюнча кесиби менен иштеген жарандарыбыз көбүнчө тейлөө тармагында жумуш кылат. Андан сырткары такси, курулуш жана базарда кызмат кылгандардын 60%ы — биздин мекендештер. Ал жакта биздин врачтардын да саны өсүп, коомдук жайлардагы тейлөө тармагын да колго алышкан. Бул нерсе жылдан-жылга мекендештердин квалификациясынын өскөнүн билдирет.

1990-жылдан бери карап келсек, КМШ өлкөлөрү боюнча канчалаган каза болгондор болду. Ага салыштырмалуу жылдан-жылга мекендештердин жашоосу мыйзам түрүндө жана социалдык түрдө да жакшырды. Орусияда чет элдик жарандар үчүн аябай жакшы шарттар түзүлгөн. Анын ичинде төрөттүн санын көбөйтүү үчүн жөлөк пулдарды да жакшы карап чыккан. Эгер чет элдик жаран салык төлөп жаткан болсо, Орусиянын жаранындай эле толук укукка ээ болот. Ошондуктан биздин мекендештердин көпчүлүгү жарандык алууга да кызыкдар. Акыркы үч жылдан бери мекендештердин көпчүлүгү банктык кызматтардан пайдаланып, биринчи акы төлөмсүз үйлөрдү алып жатат.

— Орусия менен Украина согушу Сведловдогу мекендештерге кандай таасирин берди?

— Эки жылдан бери «атайын операция» жүрүп, аябай көп өзгөрүүлөр кирди. Эмгек базары, мобилизация таасирин тийгизип, көп чет өлкөлүк жаран өз жерине кетүүгө аргасыз болду. Ишканалар жабылганда жумуш орундары азайып, ипотекага алган үйлөрүн төлөй албай, балдары менен ачка калган мекендештерибиз да болду. Бирок бир жылдан кийин кайра калыбына келип, мекендештердин өлкөбүзгө болгон көз карашын өзгөрттү. Мурда «Орусияда калып, ушул жакта келечегимди түзүп кетем» дегендердин бизнестерин Кыргызстанга чыгарып, бул жакта жумуш орундарын түзүшүнө түрткү берди. Андан тышкары Орусиянын Экономика министрлиги 2024-жылга эмгек квоталары аябай көбөйгөнүн билдирди. Анын ичинде тейлөө кызматтарында, жашылча-жемиш өстүрүүдө жана курулуш тармагында 70-80%га чейин көбөйтүлгөн.

— Сиздин оюңуз боюнча, мекендештердин жакшы шартта иштөөсүнө кандай реформалар түзүлүшү керек?

— Биринчи мамлекеттин коопсуздугу эске алынышы керек. Каттоо иштерин жеңилдетип, иштеп жаткан адамга эле эмес, анын үй-бүлөсүнө медициналык камсыздоону акысыз карап берет деген үмүттөбүз. Бул талапты аткарууда биздин элчилик, Министрлер кабинети жана мамлекет тарабынан жакшы жумуштар жасалып жатат.

— Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болгону үчүн катаал эрежелер иштебеши керекпи?

— Бул союздун мүчөсү болгонубуз үчүн да жакшы шарттар түзүлгөн. Коңшу өлкөлөр Тажикстан, Өзбекстандан барган мигранттардай патенттик системада болуп, катуу көзөмөлдө эмеспиз. Бизге «чек арадан туура өтүп, каттоону туура жасагыла» деген эле талап болуп жатат. Ошондуктан мекендештердин жоопкерчилигин көбөйтүү боюнча да иштерди алып барышыбыз керек.

 — Кыргызстандык мигранттар жогоруда айтылган мыйзамды бузбоо үчүн эмнеден көп аксап жатат жана кайсы документтер көп текшерүүгө алынат?

— Эң биринчиден, маалыматтын жоктугу. Миграцияга маалымат албай эле чыгып кетип жатышат. Себеби Орусияда мигранттарга 2-3 ай аралыгында эле кошумча мыйзамдар кирип жатат. Экинчиден, каттоодон өтүүдө жоопкерчиликти өзүнө албай, ортомчуларга берип алданган учурлар көп болуп калат. Тергөө комитетинин билдирүүсүнө караганда, акыркы үч жылдын ичинде чет өлкөлүк жарандардын бири-бирине болгон кылмыштуулук күчөптүр. Буларга зордоо, уурулук жана карактап кетүү кирет.

 — Сиздер коомдук бирикме катары элди чогултуп кеп-кеңеш берүү багытында атайын иш-чараларды өткөрүп турасыздарбы?

— Бизде аксакалдар комитети бар. Кыргызстанда кандай терс көрүнүштөр болуп жатса, ошону кемитпей миграцияга да көчүрүп алып жатабыз. Кээде мыйзам чегине жеткирбей туруп эле чечкен учурлар болот. Каада-салтыбыздан айланса болот. Аксакалдарды, район башчыларын жана динде жүргөн адамдарды чакырып, көп учурда сүйлөшүү жолу менен бийликке жеткирбей чечкенге аракет көрүлөт. Аксакалдарыбыз көбүнчө 1980-1990-жылдары армияга барып же окууга жөнөтүлүп, ошол жакта калып кетишкен. Ал эми жаштарда «Мурас» коому деп ачылган. Ошол жакта төрөлгөн балдар менен бул жактан 9-11-классты бүтүп окууга баргандарды чогултуп, Орусиянын мыйзамын жана жергиликтүү элге кандай мамиле кылуу керектигин үйрөтөт. Ал эми бул жактан барган мекендештер каада-салтты, тилибизди ж.б. кыргызга тиешелүү болгон нерселерди көрсөтүп беришет.

 — «Мекендештер» форумунда кандай сунуштарды бергенсиз жана ошолор ишке ашып жатабы?

— Ал жерде эки күндүк иш-чара болуп өттү. Алгылыктуу сунуштар берилди. Алардын негизгилерине токтоло кетейин: Орусияда бутка туруп калган мекендештерибизди мигрант деп айтпастан, аларга өзгөчө макам берүү, илимдүү-билимдүү, креативдүү жана өз жумушунда тажрыйба топтой билген мекендештерди Мекенге кайтаруу, айылына жардам берип жаткандардын ишин илгерилетүү максатында «1+1» программасын жүзөгө ашыруу, ошондой эле миграцияга чейин бир кесиптин ээси болуп, андан кийин гана квота аркылуу жөнөтүү сунушталды.

— Сиз айткан нерселер иш жүзүндө чечилип жатабы?

— 2019-жылы да «Мекендештер» форуму өткөн. Ошондо айтылган сунуштардын аз эле бөлүгү аткарылып, калганы кагаз жүзүндө калды. Кээ бир мекендештер: «Акчабызды, убактыбызды коротуп келсек, акырында бир жыйынтык жок», — дешет. Эгер чындап эле кеңеш иштей турган болсо, баарыбыз жапатырмак киришип, кайсы жактан инвестиция кылса болорун аныктаган бизнес-клубдарды түзөлү деген сунуштарды бердик.

Андан сырткары эмгек миграциясында жүргөн балдарга эс алууга атайын квота берилип, Кыргызстанга болгон сүйүүсүн ойготушубуз керек. Алар кыргыз жарандыгын албаса да, жүрөгүндө Мекенге болгон жылуу көз караш пайда болуп, ошол жерге барып жайылтат.

Эки жыл мурда өзүбүздүн демилгебиз менен 100 баланы эс алдырып кеткенбиз. Бирок кагаз жүзүндө калганы үчүн токтоп калган. Бул нерсени курултайда да президентибизге сунуш катары айтканбыз. Жакынкы аралыкта аткарылып калат деген үмүттөбүз.

 — Эмгек күчү бара-бара өзүбүздүн өлкөгө кайтышы керекпи? Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

— Азыр кызыктай бир көрүнүш болуп жатат. Биздин мекендештер иш издеп, башка өлкөгө чыгып жатат. Ал эми ошол эле учурда Малайзиядан, Пакистандан жана Индонезиядан жумушчу күчтү бул жакка тартып жатабыз. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, 10 миңден ашык жумуш орун түзүлүп, бирок иштей турган адам жок экен. Ошондуктан миграциядагы мекендештерди кайтаруу боюнча жакшы бир механизмдер ойлоп табылышы керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM