Биз менен байланышыңыз

Бенгалдан келген студенттер: Кыргыз жери кооз, эли меймандос экен

Блог | 28 Янв 2024 | 262 | 0

Акыркы убактарда чет өлкөдөн келип, Кыргызстанда билим алып жатышкан студенттердин катары калыңдады. Алардын катарында Бишкектеги медициналык окуу жайлардын биринде билим алып жатышкан бенгалдык Шоукут Хоссейн жана Тамим Мишкат ал-Арифин да бар. Чет элдик студенттердин айтымында, Кыргызстан — медициналык билим алууга жана жашоого арзан өлкөлөрдүн бири.

Шоукут Хоссейн менен Тамим Мишкат ал-Арифин биринчи курста окушат. Алар кыргыз тилин үйрөнүүнү ырларды жаттоодон башташкан. Учурда бир канча кыргыз ырларын жатка билишип, кыргыз тилин таанышуу, ал-жай сурашуу деңгээлинде өздөштүрүшкөн. Алдыда бул тилде эркин сүйлөөнү, кыргыз маданиятынын өзгөчөлүктөрүн тереңден өздөштүрүүнү максат кылышат. Эки студент учурда 4 тилди эркин билишет.

«Кыргыз тилин үйрөнүп жатканыма бир ай болду. Ал аркылуу жергиликтүү тургундар менен ээн-эркин баарлашып, кыргыз маданияты тууралуу маалымат алгым келет. Башка тилдерге салыштырмалуу үйрөнүү да жеңил болуп жатат. Бир ай ичинде бир канча сөз үйрөнүп калдык», — деди Шоукут.

Чет элдик студенттердин айтымында, Кыргызстан алардын өлкөсүнөн аба ырайы, табияты менен өзгөчөлөнөт. Шоукут биздин өлкөнү ушул өзгөчөлүгүнө карап тандап алган. Алар келгенден бери Ысык-Көлгө, Ала-Арча капчыгайына барышкан. Бенгалдык студенттер кыргыз тоолору өтө кооз экенин, ошондой эле кыргыз эли меймандос келерин белгилешти.

«Кыргыз эли меймандос экен. Бизге абдан жылуу мамиле кылып жатышат. Бул нерсе бизди абдан кубандырат. Биздин өлкө  менен салыштырганда, биринчиден, мезгилдин айырмачылыгы бар. Кыргызстандын кооз тоолору суктандырат. Ошондой эле таза суу, айтор, жаратылышы абдан жагат», — деди Шоукут.

Бенгалдыктардын улуттук тамагы – балык. Ошондой эле тоок этине ачуу калемпир кошуп суюк тамак жасап, сууга бышырылган күрүч жешет. Чет элдик студенттер кыргыз даамдарын да сүйүп жеше турганын айтып берди.

Кыргызча бир канча ырларды билген Шоукуттун кыялы: ырчы Мирбек Атабеков менен жолугуу. Ал Сыймык Бейшекеевдин «Асел» ырын ырдаганды жакшы көрөт. Ыр Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде жазылгандыктан, алдыда улуу жазуучунун чыгармаларын окууну көздөөдө. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун дагы бир чыгармасы «Жамийла» повестин түп нускасында окууну каалаган Шоукут «Жамийла» ырын көбүрөөк ырдап жүрөт.

«Мен азырынча Айтматовдун чыгармаларын окуй элекмин. Бирок алдыда окууну каалайм».

Шоукут менен Тамим Бишкекте медициналык билим алуудан сырткары кошумча IT багытын өздөштүргөн. Чет элдиктердин айтымында, Кыргызстан билим алууга, жашоого арзан мамлекеттердин бири болгондуктан акыркы учурда студенттер көп келип жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM