Биз менен байланышыңыз

Кандай үйлөр жер титирөөгө туруштук бере алат?

Блог , Пикирлер | 26 Янв 2024 | 462 | 0

Жер титирөөгө каршы инженерия боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясынын жетекчиси, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев «Марал» радиосунун «Күн чабыт» программасында жер титирөөгө туруштук бере ала турган үйлөр жана бул жаатта көрүлүп жаткан дүйнөлүк тажрыйбалар туурасында айтып берди.

— Биздин аймакта силкинүү канча балл болгондо кыйроолорго алып келет?

Бегалиев: — Америкадагы Сейсмология институтуна да мүчө болуп келе жатам. Дүйнө жүзү боюнча ушул тармактын адистери — окумуштуулар иштейт. Ошол институт расмий бир балл жогору айтыптыр. Бишкек шаарында 4 балл, Алматы шаарында жана Каракол шаарында 5 балл болгон. Негизи ал учурда элдин көпчүлүгү тынч уктап жаткан болчу. Эгерде күндүз ар ким өз жумушу менен алек болуп жүргөндө, анда 4 баллдык титирөөнү сезбей да калышмак. Ал эми интернетте тарап жаткан видеолордун көпчүлүгү Алматыда тартылган. «Баары эле Бишкекте болгон окшойт» деген ой кетти. Алматыда декабрь айында бир киши 15-январда «жер титирөө болот» деген маалыматты таратып коет. Элдин баары буга аябай даярданат. Кечээ күнү болгон силкинүү менен туура келип калып, элдин баары «чын эле ошол болгон турбайбы» деп дүрбөлөңгө түшкөн. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн бири-бирине кошулган жерде атайын жер титирегенде кыймылдап туруусу үчүн «сейсмошоф» коюлат. Бирок көпчүлүк ал жерди бүтөп салат. Ошондуктан бир үй титиргенде жаракасы экинчи үйгө өтөт.

— Жер титирөөнү алдын ала билүүгө болобу?

Бегалиев: — Жер титирөөнү алдын ала биле албайбыз. Ал эми дүйнө жүзү боюнча окумуштуулар канчалык билимдүү-илимдүү болбосун, алар дагы качан болорун айта алышпайт.

— Жер титирөө кайдан пайда болот?

Бегалиев: — Жердин жаракаларынан пайда болот. Ал эми ал нерсе жердин астындагы ар кандай физикалык кубулуштардан улам болот. Себеби жер астынан ар кандай кен байлыктарды казып жатабыз. Биздин өлкө сейсмоактивдүү жерде жайгашканбыз. Индия жактан биздин Гималай тоолоруна жердин жылып келиши себеп болуп жатат. Бул нерсе миллион жылдардан бери жылып келе жатат, канча жылдан бери болуп жаткан кубулуш. Бир убакыттарда кайра кетип, кайра келген. Муну окумуштуулар анализдеп, изилдеп келе жатат. Кээде жердин бир жеринде тыгыздык пайда болгону үчүн ошого карап эле божомолдоп айтып коё бериши мүмкүн. Ал нерсеге көп көңүл бурбай, эң негизгиси, үйдү жакшы салуу керек.

— Жер титирөөгө туруштук бере ала турган үйлөр кандай болушу керек?

Беглиев: — Айылда үйлөрдү көбүнчө бир кабат кылып, сынчтан салат. Сынч жыгач менен жабдылып, бири-бирине тыгыз байланып турат. Азыркы усталар аны жөн эле мыктап коет. Эки жыгачтын бириккен жери оюлуп, бириктирген шайман эки башка жактан толкун келгенде бири-бирине байланыштуу болуп турушу керек. Эң негизгиси үйдүн чатыры бекем болуп, дубал ичине кулап калбашы зарыл.

Андан тышкары «көп кабаттуу үйдүн кирпичтен салыныптыр» дегени бекемдигинен кабар бербейт. Себеби кирпич бөлүнүп кетиши толук ыктымал. Арасы сууланганбы же байланышып турчу темирлер коюлганбы, биз биле албайбыз. Ошол үчүн акырындан кирпичти колдонуудан алыстай беришибиз керек. Бул нерседен жер титирөө эң көп болгон Жапония өлкөсү баш тартып койгон. Кытай өлкөсү да 50 жылдан бери кирпич колдонушпайт. Себеби топурак адамдын ден соолугуна да жакшы экен. Жакынкы кошуна Алматыда да союз таркагандан кийин бул нерседен баш тартышкан. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдү долбоорлогондо кайсы конструкция жер титирөөнүн күчтөрүн кабыл алышына карайбыз. Жер титирөөнүн күчтөрүн ар бир мамыча кабыл алат. Ал эми мамычанын күчүн азайтуу үчүн байланыш өткөрүп тура турган элемент колдонулат. Байланыштыруучу элементти тосмо (диафрагма), ядро деп коебуз. Ал мамычадан дагы бир мамычага чейин болушу керек. Конструкцияда дубалдар өйдөдөн жана жан тараптан келген күчтөрдү кабыл алат. Тосмо (диафрагма), ядро түрүндөгү байланыштыруучу элементтер 60% вертикалдуу, 80% сейсмикалык күчтү кабыл алышы керек. Демек, мамычаларга 40% эле вертикалык, 20% сейсмикалык күч калышы зарыл. Ар бир үйдүн долбоорун ушинтип пландоо керек. Азыр көпчүлүк учурда андай болбой жатат. Кээ бир үйлөр гана 2019-жылдан баштап жогоруда айтылган планда иштей баштаган.

— Жөнөкөй жаран үй аларда жер титирөөгө туруштук бере аларын кантип билсе болот?

Бегалиев: — Көпчүлүк учурда бул тармакта кичинекей группалар ачылып кеткен. Аларды эч ким текшербейт. Ал эми долбоорду экспертиза карап, ошол талапка жооп бере турганын эле текшерип коет. Мен жогоруда айтып кеткен  конструкцияны Илимий изилдөө институту талдап, андан кийин долбоорго бериши керек. Ошол нерсе союз таркагандан бери бизде жок болуп жатат.

— Союз убагында салынган үйлөр жер титирөөгө туруштук береби?

Бегалиев: — Үйлөр салынганда ар кандай мөөнөт менен салынат. Ал эми союз таркагандан бери 30 жылдан ашык убакыт өттү. Алардын да мөөнөтү келип жетти десек болот. Ошол үйдүн ичинде жашаган адамдар кандай мамиле кылганы да чоң роль ойнойт. Жашаган үйдүн бир дубалын алып салса, жарака кете турган болсо, же үйдүн астындагы түтүкчөлөр жарылса, кооптуу болуп калат. Ошонун баарын карап туруп, «дагы мынча жылга жашаса болот» деген тыянак чыгарса болот.

Азыркы убакта да жакшы салынып жаткан үйлөр бар. Кээ бир компаниялар жумушчу аларда катуу талаптарды коюп, ар бир жумуштун өз адистерин алат. Тилекке каршы, бизде бир да мамлекеттик курулуш компаниясы жок.

— Биз нормативдик базасы күчтүү кайсы өлкөдөн үлгү алсак болот?

Бегалиев: — Негизи базалар ар кандай болот. Бизге туура келгени жана туура келбегени бар. Европа өлкөлөрү өздөрү биригип, атайын «еврокод» деп түзүп коюшкан. Бирок алардыкында тексти көп жазылып, жөнөкөй адам окуганга аябай кыйын. Түшүнгөнгө жеңилирээк Америка, Жаңы Зеландиянын нормаларын алсак болот. Ал эми Жапониянын базасы таптакыр башкача. Ошол эле өлкөлөр бири-биринин тажрыйбаларын колдонушат. Бул жерде бир өлкөнүкү деп айтылбайт. Бардык окумуштуулардын анализин окуп, туура келгенин кошуп коё берет.

Андан тышкары салынган имараттар жер титирөөгө туруштук бербей кулап түшкөн болсо, бир эле курулушчуларды күнөөлөгөнүбүз туура эмес. Себеби ар бир өлкөдө сейсмикалык кызматкерлер бир баллды белгилеп берет. Мисалы, 7 баллдык деп белгилеп берсе, адамдар ошого ылайыкташтырып үй салат. Бирок жер титирөө 9 баллдык болсо, эки эсеге күчтүү болуп үйлөр туруштук бербей калат. Бул жерде баарында «курулушчулар күнөөлүү» деген түшүнүк калып кеткен.

— Кыргызстандын кайсы аймактары сейсмоактивдүү?

Бегалиев: — Кыргызстандын бардык аймагы сейсмоактивдүү болуп эсептелет. Муну элдердин баары «сейсмоактивдүү аймакта жашайбыз» деп мурунтан бери билип келет. Анын арасында жети, сегиз жана тогуз баллдык деп бөлүнгөн. Бирок андай кылып бөлбөстөн нормаларды сактап, атайын адистердин кеңешин угуп, жакшы үйлөрдү салышыбыз зарыл. «Боло берет» деген оорудан алыс болушубуз керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM