Биз менен байланышыңыз

Аалымдан насыйкат: Чубак ажынын айрым маселелер боюнча жооптору

Блог | 21 Янв 2024 | 579 | 0

Бүгүн, 21-январь маркум аалым Чубак ажы Жалиловдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 49 жашка толмок. Аалымдын туулган күнүнүн урматына бир кезде өзү алып барып жүргөн «Марал» радиосунун «Ааалымдан асыл жооп» программасындагы суроолорго берген жоопторунун айрымдарын топтодук.

Убада берүү тууралуу

Эгерде бир адам убада берсе, ошол иш шариятка каршы келбесе, аткарылышы милдет. Кээ бир адамдар каза болордун алдында «балам, түндүктү түрө жедим, түштүктү кыра жедим, жаназама 10 жылкы, 20 кой сойгун» деши мүмкүн. Анын көңүлү ток болушу үчүн «макул ошондой кылам» деп туруп, шариятка туура келбегени үчүн бул убадалар аткарылбайт. Эгерде убада берилген нерсе шариятка туура келе турган болсо, аны аткаруу милдет.

Карыз – бул жакшылык эмес

Карыз – бул жакшылык эмес. Эгер адам муктаж болуп калса гана алат, колдон келсе албаганга аракет кылсын. Адам карыз алып жаткан учурда ошону төлөп бүтө ала турган жерин тактап, билип, жумушун ошого жараша кылуусу керек.

Бирөөнүн айыбын ачып, интернетке таратпагыла!

Кээ бир күнөөлөрдү жашырганга мүмкүн эмес. Дүйнөгө жарыяланып жаткан күнөө иштерди жаап-жашыруунун кажети жок. Бирок ал нерсе уятсыз болсо жаап-жашырып, туура эмес экенин баяндасак болот. Эгер пенде адашып кеткен, бирөөгө зыяны тийбей, тооба кылып калганга мүмкүнчүлүгү болуп, кылып аткан ишин элдин алдына чыгып жарыя кылбаса, аны жаап-жашырып койгон мусулмандын милдети экенин баса белгилеп айтып кетким келет. «Ниса» сүрөсүнүн 148-аятында: «Алла Талаа жаман, уят сөздөрдү ачык, кыйкырып айтканды жактырбайт», — деп айтылат. Ар бир пенде адашып, эсинен чыгып күнөө иштерди кылып алышы мүмкүн. Аллах Таала кечиримдүү, кечирем деген. Анан эмне үчүн биз кайра-кайра ал жаман жоруктарды көрсөтүп, жарыя кыла беришибиз керек?

Кээ бир аалымдар айткан: «Айыбы жок көп жамаатты көрдүм. Бирок алар башка адамдардын айыптарын айтып, башкаларды шерменде кылышат эле. Анан адамдар алардын айыбын таап айта башташты. Айыбы жок адамдар айыптуу болуп калды. Ошондой эле кээ бир адамдар айыптуу эле. Бирок алар башкалардын айыбын жашырганы үчүн, Алла Таала алардын айыптарын адамдардын эсинен чыгарып койду».

Кандай учурларда сабыр кылуу керек?

Мисалы, сизди бирөө келип ура турган болсо, андан качып кетип сабыр кыласыз. Аркаңыздан кубалап ала турган болсо, аны токтотуп сабыр кыласыз. Болбой эле токмоктоп ура турган болсо, аны уруп кетип, сабыр кыласыз. Бирок аша чаап урганга жол бербейсиз. Эгерде сизге зыян келе турган учурда өзүңүздү коргоо важиб, парз болуп эсептелет.

Өкүл ата, өкүл апа деген шариятта барбы?

Шариятта өкүл ата, өкүл бала деген жок. Бул биздин салтыбызда бар. Бирок шариятка каршы келбейт. Анткени жашы улуураак, бир нече балалуу болуп калган, турмуштук тажрыйбасы бар адамдар жаңы үйлөнгөн жаштарга акыл-насаатын айтып, жол көрсөтүп, жашоонун нугуна салып коёт. Азыркы убакта ким байып кетсе ажырашып, кайра өкүл ата шайлап үйлөнгөндөр да болуп жатат. Атайын «бай өкүл атага» алмаштыруу үчүн ажырашуу акылга сыйбайт. Мурдагы замандарда эч жерде маалымат жок болгону үчүн өзүнөн улуу адамдардан кеңеш алып туруу максатында ушундай жөрөлгө калып кеткен. Бул кыргыз элинин кеменгер экенинен кабар берет. Ал эми классташын же теңтушун өкүл ата кылып койгон — болбогон эле нерсе.

Мусулман кантип туура тамактанат?

Мусулман адам тамактанаардын алдында да, тамактан кийин да колун таза жуушу керек. Тамакты ысырап кылбай, үнөмдөп жегени туура. Аллах Таала ысырап кылуучуларды сүйбөйт. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Момундар курсагынын үчтөн бирин тамакка, үчтөн бирин сууга, бир бөлүгүн абага калтырсын». Жогоруда айтылгандай кылсак, тамакка да үнөм болот, Пайгамбарыбыздын (с.а.в) сүннөтүн да аткарабыз.

Тамакты оң кол менен, өзүбүздүн алдыбыздан, бизге ылайыктап салынган идиште акырына чейин жегенибиз адепке туура келет. Баштаганда «бисмиллах» менен баштап, бүткөндө Кудайга шүгүр келтирсек, дагы да жакшы даамдарды насип кылат.

Адамга коюлган ысым анын жашоодогу калыптанышына таасир этеби?

Мунун канчалык чындыгы бар? «Сенин ысымың – сенин насибиң» деп айтылат. Ошол үчүн колдон келишинче жакшы аттарды койгонго аракет кылуу керек. Канчалык бир деңгээлде таасири бар экенин жокко чыгара албайбыз.

Уул балага акыйка берүүдө эмнелерди эске алуу керек?

Акыйка, жентек той жетинчи же он төртүнчү күнү, же жыйырма биринчи күнү болот. Эгер эки койдун бирин жетинчи күнү, дагы бирин он төртүнчү же жыйырма биринчи күнү сойсоңуз да жарай берет. Айтор союлганы эсеп болот.

Ал эми жетинчи күнү жуунтуу зарыл деле эмес, бирок карын чачын таразага тартып, канча грамм чыкса, ошончо салмакта күмүш же күмүштүн эсебинчелик акча садака берүү сүннөт болуп эсептелет. Албай туруп, болжолдуу эсептесеңиз да уруксат. Бирок жетинчи күнү карын чачын алуу келечекте баланын көзүнүн курч болушуна таасир этет. Муну немис окумуштуулары изилдеп чыгышкан.

Адам каза болгондон кийин ага үч айттык өткөзүү шартпы?

Негизи шариятта «үч айттык» деген нерсе жок. Кимдир бирөө өтүп кеткен маркумдар же тирүүлөр үчүн деле «айт күндөрү курмандык чалып койсун» деп союшун алып келсе, зыяны тийбейт. Бирок түштүк тарапта, «өтүп кеткен маркум үчүн сөзсүз үч айттык берүү керек» деген маселе бар, бул жакшы эмес.

Вокалдан билим алып, ырчылык менен алек болуу шариятта кандай?

Эгерде пафостук тема болсо, Ата Мекенди сүйүү, эне жөнүндө болсо зыяны тийбейт. Бирок адамдарды бузукулукка жетелеген, «сүй», «кучакта» деп, бирөөнү жардан түртүп жибере турган ырлар болбойт. Вокалдан адам добуштарды үйрөнөт. Ошондуктан карыларга, азанчыларга үндү кантип оңдоо керектигин үйрөтсөңүз сооптуу иш болот.

Энесинен сүт чыкпай жаткан учурда баласын башка бирөө эмизүүгө болобу?

Аялдын сүтүндө күйөөнүн акысы бар. Аял киши башка бирөөнүн баласын эмизе турган болсо, күйөөсүнөн сурашы керек. Ал эми эмизип жатканда ким экенин так билишиңиз зарыл. Себеби эмчектештер бир тууган катары эсептелип, никеге турушуна шарият жол бербейт.

Кылмыш кылып, камалып чыккан адам да Кудай алдында күнөөсүнөн арылган болобу?

Тооба кылса, Кудайым бардык күнөөнү кечирет. Камалган адам шариятка жараша жазасын өтөп чыкса бир жөн. Туура келбеген таризде отуруп чыкса, күнөөсүнөн арылбашы мүмкүн. Мисалы, «адам өлтүрсө өзү өлтүрүлүшү керек, уурулук кылса колу кесилиши керек» деген Кудай жөнөткөн шарият мыйзамына туура келсе, ал адамдын күнөөсү ошону менен бүткөн болот. Андан сырткары, тооба кылганы да эске алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM