Биз менен байланышыңыз

Инвестор тартууда эмнелерге көңүл буруу керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Янв 2024 | 623 | 0

Кыргызстанда «менде долбоор бар, акча болсо эле иштеп кетебиз» дешет. Карай келсең, анысы төрт беттен турган таанытым эле болот. Мындай пикирин «Маралдын» эфиринде ишкер Бакай Оморов билдирди.

Ишкер инвестор тартууда, иш баштоодо төмөнкү документтерди даярдап алууга чакырды:

  • таанытым;
  • бизнес-план;
  • каржылык модель;
  • долбоорду ишке ашыруу.

Бакай Оморовдун айтымында, бул айтылгандардын баары эле бизнесте окутулат. Тилекке каршы, чет жактан инвестор келгенде жогоруда белгиленген документтер толук болбой, ишкер өзүн да, кызыкдар тарапты да кыйнап коёт. Эгер ишкер чындап чоң бизнеске кирүүнү кааласа, бизнес планы эки-үч барактан турган баяндама эмес, 200-300 барактан турган долбоор болушу керек.

Ошол эле учурда «Маралдын» журналистинин «Кыргызстанда инвесторлор кайсыл тармакка кызыгат?» деген суроосуна ишкер Бакай Оморов мындай жооп кайтарды:

«Кайсыл тармакка кызыгарын айтуу оор. Биринчи кезекте биз аларга эмнени сунуштай алабыз? Мына ушул маанилүү. Айталы, биз туризм тармагын сунуштасак болот. Азыр өлкөдө ушул тармакта көп нерселер аткарылып жатат. Аны жайкы мезгилде Ысык-Көлгө келген адамдардан байкасак болот. Ал эми кышкы туризмде туристтерди тосуп жетише албай, кээде машиналарында түнөп калган учурлар болуп жатыптыр. Бизде бизнестин баары Бишкекте чогулуп калган. Алардын арасында көп тармак электен өтө элек. Өзүнүн бизнесин жакшы билген адам эч кимге ашыкча акча бербейт. Эгер акча берип жатса, анда таза ишкер эмес. Башынан баштап эле бардык документи мыйзамдуу түрдө толук болсо, эч ким эч нерсе талап кыла албайт».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM