Биз менен байланышыңыз

Оморов: Бизде ишкерлер ишин баштап алып, андан кийин документке чуркашат

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2024 | 464 | 0

Биринчи учурда бүт документти толуктап, жумушту андан кийин баштоо зарыл. Бизде жумушту баштап алышып, анан документ жагына көңүл бурушат. Мындай пикирин ишкер Бакай Оморов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Оморовдун айтымында, башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздин өлкөдө жакшы шарттар түзүлгөн. Эгемендик алгандан бери ишкерлер «эркелеп» келишкен. Ага көнүп алышып, эми «баарын мыйзамдуу кылабыз, бекем тартип орнотобуз» дегенде кыйналып жатышат.

Ошол эле учурда «ишти эмнеден баштоо керек, кайсыл тармакка акча салуу керек» деген сыяктуу маселелерде ички инвесторлор үчүн маалыматтар жокко эсе экенин айтып өттү.

«Эгемендик алгандан кийин юристтер менен экономистер көп болуп кетти» деген түшүнүк пайда болгон. Учурда ошолорго муктаж болуп жаткан чагыбыз. Биз көбүнчө эле өзүбүздүн өлкөдөн чыккан ишкерлер инвестор болгусу келсе, аларды карабай, чет өлкөдөн келген инвесторлорго мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Алар өзүнүн акчасын салбайт, ишкерлер үчүн чоң суммадагы кредит берген банктардан карыз алышат. Ошондуктан биринчи компанияны өзүнүн өлкөсүндө ачып, экинчисин бизге окшогон өлкөлөргө келип ачышат. Бизде «банктан чоң суммадагы акча алып, инвестиция кылыптыр» дегенди уга элекмин», — деди Оморов.

Андан тышкары бизде инвестиция десе эле, баары акча менен чечиле тургандай сезишерин, ошондон да баарына көз жуумп берип келишип, бир жерден болбой калса, даттанып чыгышарын кошумчалады. Ошондой эле ишкерлерди ишти баштаардан мурда мыйзамды карап чыгып, документтерди өз күчү менен бүтүрүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM