Биз менен байланышыңыз

АКШда салык тармагында эмгектенген Дастан Кадыркулов менен маек

Блог | 12 Янв 2024 | 1537 | 0

Дастан Кадыркулов Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлүп өскөн. Үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу. Төрт жарым жылдан бери АКШнын ири компанияларынын биринин Даллас шаарындагы филиалында салык тармагын жетектейт.

Мен Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлүп өскөм. Үй-бүлөдө 5 уулбуз, улуусу менмин. Апам көп жыл айылдык ооруканада невропатолог дарыгер болуп эмгектенген. Атам 30 жылдан ашуун токой чарбасында иштеген. Өткөн жылы ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыкты. Апам оорудан каза тапкан. Буга байланыштуу мен 21 жашымда үйлөндүм. Учурда жубайым экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап келебиз.

Балалыгым Мырза-Аке айылында өттү. Каникулга чыкканда чоң атабыздын да, таятабыздын да үйүнө барып, эки жактын тең тарбиясын көрүп чоңойдук. 2003-жылы Мырза-Аке айылындагы Төлөнбай Машрапов атындагы орто мектепти аяктадым. Ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетинин эл аралык алаканы чыңдоо факультетинин (ФИМО) дүйнөлүк экономика багытына тапшырдым. Кийин аталган факультет жоюлуп кетип, башка факультетке которулуп, каржы жана насыя кесибин аяктадым.

Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин Кыргызстанда үч жылдай иштедим. «Сорос» фондунун долбоорунда ВИЧ/СПИД профилактикасы боюнча, кийин банктарда насыя боюнча эксперт болуп иштедим. 2010-жылы окууга байланыштуу АКШга келдик. Башында ар кандай жумуштарда: жүк ташуу, жеткирүү тармагында иштедим, такси, лимузин, трак айдадым. Мигрант болуунун тузун толук таткандай болдум. Иштегенче окуум бүтө берди. Финансы жана бухгалтерия боюнча магистратураны аяктадым. Окууну аяктаарым менен Certified Public Accountant лицензиясын алуу үчүн төрт экзаменден өттүм. Ага бир жыл убакыт керектелди. Бул лицензия менен АКШда бухгалтерияга байланыштуу ар кандай жумуштарды аткарууга болот: мисалы, аудит, салык иштери, каржылык отчётторду тапшыруу сыяктуу.

Лицензия алгандан кийин non-profit, тактап айтканда, бейөкмөт уюм сыяктуу ишканада бухгалтер болуп иштедим. Ишиме толук канааттанбагандыктан, салык тармагына өтүүнү туура көрдүм. Block Advisors компаниясына салык декларациясын толтуруу боюнча адис болуп иштеп, кийинчерээк азыркы иштеп жаткан The Mather Group компаниясына салык боюнча адис болуп орноштум. Төрт жарым жылдан бери ушул ишканада иштеп жатам. Азыркы учурда салык боюнча башкы менеджер болуп эмгектенем. Ошондой эле АКШнын Даллас шаарындагы кеңсесинин салык тармагын жетектейм.

Бул жумушта Wealth Management боюнча иш кылабыз. Тактап айтканда, Американын ири компанияларында чоң кызматта иштеген ишкерлердин байлыктарын, пенсиялык фонддорун тейлейбиз. «Кайсы тармактарга инвестиция салса, өсүш жакшы болот, канткенде мыйзамдуу салыкты азыраак төлөй алышат, салык декларацияларын тапшыруу, салык кызматы менен көйгөй жаралып калса жардам берүү» деген сыяктуу кызматтарды аткарабыз. Жумушумдун жакшы жактарына токтолсом, бул жактан аябай көп нерсе үйрөндүм. Кесиптештерим, кардарларым менен мамилем жакшы. Кардарлардын салык жаатындагы маселелерин чечип берсең, аябай сүйүнүшөт. Бул да жакшы маанай тартуулайт. Ал эми терс жактары салык декларациясын тапшыруу убагында (февраль-апрель айлары) жумуш көп болуп, күнүнө 10-14 сааттан иштөөгө туура келет.

Кыргызстанда да салык системасында көптөгөн оңдоп-түздөөлөр болуп жатат. Сырттан окуп, байкап турабыз. Быйыл жайында Кыргызстанга келгенде, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Каныбекович атайын чакырды. «Америкада салык боюнча иш кылат экенсиң, Кыргызстанга керектүү сунуштарыңды айтып кет», — деди. Үч сааттай баарлаштык. Кыргызстандагы жаңы киргизилип жаткан технология, жаңы өзгөрүүлөр, АКШнын салык системасы жана башка көптөгөн темаларды талкууладык. Кыргызстандагы жаңы өзгөрүүлөрдү угуп кубандым. Бирок бизде бир аксаган жерибиз: салык системасына жаңы өзгөрүү киргизерде эл менен иштешип, түшүндүрүү иштерин көп жүргүзүү керек экен. Мисалы, ККМдин киргизилип жатканы аябай жакшы. Ар бир товар жана кызмат алмашуу катталып турат. Бирок аны киргизүүдөн мурун ишкерлер менен тыгыз иштешип, алардын да оюн эске алуу менен киргизсе, эл жеңил кабыл алышы мүмкүн болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM