Биз менен байланышыңыз

Ысык-Атада салмагы 6 жарым кг болгон «баатыр» бала төрөлдү

Коом , Кыска кабар | 3 Янв 2024 | 887 | 0

Ысык-Ата райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунда бүгүн салмагы 6 жарым кг болгон «баатыр» бала төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ымыркай кесарева жолу менен жарык дүйнөгө келген. Ымыркайдын апасы 35 жашта, бул анын бешинчи төрөтү.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Ымыркайлардын апасы 36 жашта. Ал 2-январда операция жолу менен үч кызды жарык дүйнөгө алып келген. Наристелердин жана апасынын абалы туруктуу, алар учурда кам көрүүнүн экинчи этабында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM