Биз менен байланышыңыз

2023: Кыргызстан бул жылы кимдерди жоготту?

Блог , Коом | 29 Дек 2023 | 3850 | 1

2023-жылы Кыргызстандын бир катар илим, маданият, адабият, өнөр адамдары жана коомдук ишмерлери бул дүйнө менен кош айтышты.

Топчубек Тургуналиев, саясий жана коомдук ишмер

15-ноябрда саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында көз жумду.

Топчубек Тургуналиев саясатта «алгачкы оппозициячы» деген ат менен калган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында саясаттан алыстап, «Манас» эпосун жайылтууга аракеттерди көрө баштаган. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Манас таануу» институтунун ачылышына, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук академиянын түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошуп, бул мекемелерди жетектеп да турган.

Абас Чикеев, КР эмгек сиңирген артисти, ырчы

Жыл башында, 27-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев оорудан көз жумду.

Ал 1947-жылы 21-июлда Аламүдүн районунун Байтик айылында туулган. М. Рыскулбековдун «Чын эле мен сени таптымбы?», «Жаштыгым сен кайда кеттиң?»; К. Осмоновдун «Энекебай», «Тоолук кыз»; М. Акматовдун «Баратабыз каякка», «Ак сүйүүмдү булгаба»; Т. Казаковдун «Күйдүргүм», «Эстелик»; А. Нурманбетовдун «Табияттын көркү сен» сыяктуу көптөгөн ырларды аткарган. Бир нече жыл Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинде (азыркы УТРК) диктор болуп да эмгектенген.

Төлөбек АманбаевСоциалисттик Эмгектин Баатыры

2023-жылдын 27-декабрында Социалисттик Эмгектин Баатыры Төлөбек Аманбаев 84 жашында дүйнө менен кош айтышты.

Төлөбек Аманбаев мал чарбасын өнүктүрүүдө жакшы ийгиликтерге жетишип, ар жүз тубар койдон 182ден төл, 5 жарым килограмм жүн кыркып алган. 1995-жылы «Баялы» асыл тукум кой чарбасын түптөп, өмүрүнүн аягына чейин ошол жакта эмгектенип келген.

Кусеин Исаев, мударис

Социология илимдеринин доктору, профессор Кусеин Исаев 31-мартта 86 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Кусеин Исаев 1937-жылы 7-сентябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган. 140тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 10 монографиянын автору. Илимий изилдөөлөрү кыргыз коомунун социалдык маселелерине, социалдык түзүлүштүн, улуттун, билимдин, жаштардын, саясаттын социологиясына арналган.

Сталбек Бактыгулов, КР эл артисти, композитор  

Кыргыз Республикасын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов ушул жылдын 30-августунда 69 жаш курагында дүйнө салды.

Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган.

1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алган.

Эмгек жолун 1979-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунда (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ) окутуучу болуп иштөө менен баштаган.

Ал композитор катары майда обондордон тарта симфониялык, опералык чыгармаларга чейин жазып, артында бир нече эмгек калтырды. Сталбек Бактыгулов обонун жазган «Жалгызымсың», «Арманда кетти бир ак куу», «Сен дегенде», «Аруу сезим», «Чиркин өмүр» сыяктуу ондогон чыгармалар ырчы-аткаруучулардын сүйүктүү репертуарына айланган.

Сталбек Бактыгулов адабиятта новеллачы катары белгилүү.

Сталбек Алмасбеков, КР эл артисти, опера ырчысы  

5-апрелде көрүнүктүү опера ырчысы Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды.

Сталбек Алмасбековдун ысымы республикадагы опера искусствосунун көп сандаган күйөрмандарына жакшы белгилүү. Ал жылдыздуулугу, өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Орозалы Дөнөнбаев, саясий жана коомдук ишмер 

26-декабрда өлкөнүн өнөр жай тармагында үзүрлүү эмгектенген Орозалы Дөнөнбаев 75 жашында дүйнө салды.

1995-жылдан баштап Жогорку Кеңештин депутаты, легендарлуу парламенттин курамында эмгектенген. Өлкөнүн өнөр жай тармагына эмгеги сиңген кызматкер катары белгилүү болду. Анын артында көп эмгектери, элине кылган кызматы жана ишке ашырган көп долбоорлору бар.

Малик Аликеев, КР эмгек сиңирген артисти, ырчы-аткаруучу

17-январда «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» сыяктуу ондогон обондорду ийине жеткире аткарып чыккан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев узакка созулган оорудан 53 жашында көз жумду.

Малик Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Бир нече жыл Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эмгектенген.

Геннадий БазаровКР эл артисти, кинорежиссёр

6-февралда Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар режиссёр Геннадий Базаров 81 жашында дүйнө салды.

Базаров кыргыз кино өнөрүндө «кыргыз керемети» деп аталган гүлдөө доорун жаратуучулардын бири. «Саманчынын жолу» баштаган шедевр чыгармалардын режиссёру. Геннадий Базаров өмүрүнүн 65 жылдан ашуун мезгилин кино өнөрүнө арнаган. Ал «Каныбек», «Жаңылуу», «Буктурма», «Көчө», «Приют для совершеннолетних», «Айың», «Аномалия» өңдүү мыкты фильмдерди тарткан.

Райма АбдубачаеваКР эмгек сиңирген артисти, актриса 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Райма Абдубачаева 10-ноябрда 75 жаш курагында оорудан дүйнө салды.

Актриса театрга жети жашында кадам таштап, «Атанын тагдыры», «Төмөнкү тереңдик», «Гамлет», «Ричард-3» жана башка белгилүү спектаклдерде роль жараткан.

Иса Өмүракунов, «Эне-бала мээрими» фондунун негиздөөчүсү

Чүй облусунун Сокулук районундагы «Эне-бала мээрими» фондунун негиздөөчүсү Иса Өмүракунов ааламдан өттү.

Иса Өмүракунов 15 жылдан бери үй-жайсыз калган, куугунтукка кабылган же үйүнөн кетүүгө мажбур болгон балдар үчүн өз үйүн баш калкалоочу жайга айлантып, иштетип келген. Иса Өмүракунов жубайы экөө «Эне-бала мээрими» фондун 2009-жылы негиздеген. Аталган фонд аркылуу 200дөн ашуун баланы тарбиялап өстүргөн. Азыркы тапта да бул үйдө 20дан ашык бала жашайт. Бул фонд ошол эле учурда 150дөн ашык кыз-келинге жардам берген.

Сүйөркул ТургунбаевКР эл акыны

Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаев 29-декабрда 84 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Адабият чөйрөсүндө акын, котормочу, сынчы катары таанылган. Акындын «Кечки троллейбус», «Замандаштын дүйнөсү», «Жарыктын ыры», «Эки аска» сыяктуу бир нече ырлар жыйнагы жарык көргөн. Котормочу катары монгол элдик ырларын, орус акындары Михаил Лермонтовдун, Евгений Евтушенконун, Тарас Шевченконун, өзбек акыны Алишер Навоинин, грузин акыны Илья Чавчавадзенин ырларын кыргыз тилине которгон.

Гүлжамила Шакирова, акын, журналист 

Акын Гүлжамила Шакирова 25-июнда 68 жашында дүйнөдөн өттү. Жакындарынын айтымында, ал көптөн бери астма оорусунан жабыркап жүргөн.

Акын 1955-жылы 28-декабрда Ак-Талаа районунда жарык дүйнөгө келген. 1993-жылдан көзү өткөнгө чейин азыркы Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын радио тармагында эмгектенип келди.

Ал адабиятка 1987-жылы «Сапардагы каркыра» аттуу китеби менен кирген. Акындын «Болгон жакшы», «Ата журтка ак кызмат», «Бар болсун кыргыз элибиз», «Курбу кыздар» сыяктуу отуздан ашык ырына обондор жазылган.

Музапар Үсөн, жазуучу, драматург, тарыхчы, сүрөтчү, айкелчи, журналист

Боюна көп өнөрдү сиңирген Музапар Үсөн 22-январда дүйнөдөн өттү. Ал 1948-жылы Баткен районун Кара-Булак айылында туулган. Артында ондогон эмгектери калды.

Айсалкын Асанова, окумуштуу

Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, көрүнүктүү окумуштуу Айсалкын Асанова 3-августта узакка созулган оорудан 77 жашында дүйнөдөн кайтты.

Айсалкын Асанова 1945-жылы 26-декабрда Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган. Илим жаатындагы ишмердигинде 10дон ашык илимдин кандидатын, 3 илимдин докторун чыгарган. Айсалкын Асанова– 160 ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 10 китептин, 4 монографиянын жана бир нече илимий макаланын автору.

Асанкул Осмонов, Кыргыз эл артисти, актёр 

26-мартта КР эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Асанкул Осмонов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган.

1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөн. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын жалпы маданият күнүнүн декадасына катышкан. 1958-жылдан Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштеп баштаган. 1990-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылган.

Карла-Мария Шелике, «Үмүт-Надежда» реабилитациялык борборунун негиздөөчүсү

«Үмүт-Надежда» реабилитациялык борборунун негиздөөчүсү Карла-Мария Шелике 80 жашында ааламдан өттү. Ал Кыргызстанда майып балдар үчүн реабилитациялык борборду алгачкылардан болуп ачып, жетектеп келген.

Карла-Мария Шелике 80 жашында 25-август күнү Германияда көз жумган.

Дилмурат Шамшиев, милициянын майору, Орозмамат Акуналиев, милициянын капитаны 

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кызматкерлери 41 жаштагы Дилмурат Шамшиев менен 30 жаштагы Орозмамат Акуналиев 27-октябрда Бишкек шаарына кызматтык иштер менен келе жатышып, Чычкан капчыгайында өрттөнүп жаткан бензовозду көрүшүп, «өрттү өчүрөбүз, айдоочуга жардам беребиз» деп жатып, өздөрү да өрткө чалдыгып, ооруканага жеткирилген. Дилмурат Шамшиев 2-ноябрда, Орозмамат Акуналиев 5-ноябрда эстерине келбей, бул дүйнө менен коштошуп кете беришкен.

Бегимай Бекбоева, эстрада ырчысы

Бегимай Бекбоева 17-январда 32 жаш курагында дүйнө салды. Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда төрөлгөн.

Сахнага 5-классында чыгып, кийин элге ырчы катары таанылган. Бирок ден соолугуна байланыштуу сахнадан алыстап кеткен. Артында бир уулу калды.

Марат Сарулу, КР эл артисти, кинорежиссёр

Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу 66 жашында дүйнө салды.

Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1984-жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган. Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер биримдиктеринин мүчөсү болгон.

Анын соңку тасмасы «Көч» деп аталып, эл аралык бир нече сыйлыктарга татыган.

Бахадыр Карабаев, ырчы

Ырчы, «Жаш Кыял» тобунун жетекчиси Бахадыр Карабаев 47 жаш курагында каза тапты.

Ал жетектеген «Жаш Кыял» тобу 1990-2000-жылдары популярдуу болуп, «Ананайын», «Алтыным», «Гүлмира», «Махабат», «Салфия», «Унутчу мени» ырлары эл оозунан түшкөн эмес.

Шамбет Мендебаиров, театр режиссёру 

1972-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Өмүрүнүн соңку жылдарына чейин М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында көркөм жетекчи, режиссёр-коюучу болуп эмгектенип келген.

Зинаида Петренко, Кыргыз эл артисти, театр актрисасы

Зинаида Петренко 6-ноябрда 73 жашында дүйнөдөн өттү. Ал 1975-жылы Кыргызстандагы Орус драма театрына келип, көзү өткөнгө чейин ушул театрда эмгектенген. «Кылым карытар бир күн», «Бөдөнөнүн сүтү», «Саринжи», «Бальзаминовдун үйлөнүшү», «Кар ханышасы» сыяктуу ондогон спектаклдерде көрүнүктүү ролдорду жаратып, Кыргызстандын маданиятына зор салым кошкон.

1 пикир

1 пикир

  1. Үрүстөм

    31.12.2023 23:28

    Гүлжамила Шакирова деген кыргыздын патриот акын кызы. Маданияттын мыкты кызматкери да ушул жылы шум ажал алып кетти. Ошол кишини унутуп калганыңар туура эмес

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM