Биз менен байланышыңыз

Кайсы өлкөлөр жаңы жыл «тоспойт»?

Блог , Дүйнө | 28 Дек 2023 | 837 | 0

Кыргызстанда эки жаңы жыл майрамдалат: бири — григориан календарына негизделген, орустардын келиши менен кирген 1-январдагы жаңы жыл болсо, экинчиси — Чыгыш калкы канча кылымдан бери белгилеп келген 21-марттагы Нооруз майрамы. Анткени менен дүйнөдө 31-декабрдан 1-январга караган түндү майрам катары эсептебеген, жылдын жаңырышын өздөрүнүн салттуу календары менен белгилеген өлкөлөр да бар.

Сауд Арабиясы

Бул өлкөдө мыйзамдар Ислам шариятына негизделип, 31-декабрдан 1-январга караган түнү эч кандай иш-чаралар өткөрүлбөйт. Ошол эле учурда Сауд Арабияны жердеген чет элдиктердин үйүндө тынч майрамдоосуна тыюу да салынбайт.

Сауд Арабия өз календарын 622-жылы кирген хижрий жыл санагы менен эсептеп, Мухаммед пайгамбардын Меккеден Мединага көчүп келген күнүн жаңы жыл катары белгилешет. Адатта бул мамлекеттин жаңы жылы айдын жаңырышына карата ар башка күндөргө туш келет, тактап айтканда, туруктуу бир күнгө коюлган эмес.

Дубай

Иран

Иранда 31-декабрдан 1-январга караган түнгө көп көңүл бурулбайт. Бул өлкөнүн тургундары үчүн эң маанилүү майрам — Нооруз.

Персияда бул дата Исламга чейин эле майрамдалып келген. Салт боюнча майрамдын алдында адамдар үйлөрүн жана айланасын тазалап, карыздарын төлөп, ата-бабаларынын мүрзөлөрүнө барышы керек. Дасторконго негизги курамын өсүмдүктөр түзгөн жети даам коюлат. Ирандагы эң белгилүү майрамдык тамак — сүмөлөк.

Израиль

Калкынын басымдуу көпчүлүгү Иудаизм динин карманган бул мамлекетте жаңы жыл (Рош Хошана) еврей жыл санагы менен эсептелип, күздүн башталышы болгон тишрей (сентябрь) айында белгиленет.

Ошол эле учурда мамлекетте 1-январды белгилөөгө тыюу салынган эмес, бирок кадимки иш күнү катары саналат.

Түштүк-Чыгыш Азия

Түштүк-Чыгыш Азиянын көптөгөн өлкөлөрүндө жаңы жылды майрамдоо салтка айланган эмес. Алардын катарына Вьетнам, Таиланд, Лаос, Камбожа жана Кытай бар.

Мисалы, Таиланддагы Жаңы жыл – Сонгкран. Ал 13-15-апрелде белгиленет. Кытай элинин салты боюнча жаңы жыл 21-январдан 21-февралга чейинки аралыктагы бир күнгө туш келет.

Вьетнам

Вьетнамда Тет деп аталган жаңы жыл — абдан маанилүү майрам. Кытай сыяктуу айдын жаңырышына карай белгиленет. Көпчүлүк учурда январдын аягынан февралдын башына чейинки күндөрдүн бирине туш келет. Бул дата вьетнамдыктар үчүн үй-бүлөлүк жана жогорку деңгээлдеги майрам деп эсептелет. Майрам бир жумага созулушу мүмкүн.

Бангладеш

Бангладеште 14-апрелде Бенгал жаңы жылы белгиленет. Ушул күнү концерттер жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Бул күнгө абдан кылдаттык менен даярданышат: эң сонун кийимдерди кийишип, туугандары менен чогулушат жана храмдарга барышат. Фестивалдар кээ бир шаарларда чындап эле таасирдүү болушу мүмкүн.

Индия

Индия эбегейсиз зор маданий түрдүүлүк менен мүнөздөлөт. Ушул себептен улам жаңы жыл ар кайсы убакта белгиленет. Мамлекеттик деңгээлдеги жаңы жыл 22-мартка коюлган. Бирок аны бардык эле штаты кабыл ала бербейт. Маселен, Керала штатында 13-апрель жаңы жыл катары эсептелсе, түштүк штаттар күздүн ортосунда майрамдашат.

Түштүк Корея 

Бул мамлекетте беш жаңы жыл майрамдалат. Улуттук жаңы жыл «Соллал» деп аталып, айдын жаңырышына жараша ар кандай күнгө туш келет. Маселен, Соллал календары боюнча 2024-жыл 10-февралда жаңырат.

Ошол эле учурда Европанын, Кытайдын, Монголиянын, Тибеттин да жаңы жылдары белгилене берет.

корея

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM