Биз менен байланышыңыз

2024-жылы кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр жана саамалыктар күтөт?

Блог | 29 Дек 2023 | 2114 | 0

2023-жыл узап, 2024-жылдын кирип келерине саналуу күндөр калды. «Марал» келе жаткан жылда боло турган саамалыктарды топтоду. 

Бишкекте жол кире кымбаттайт

Мыйзам 15-январдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, автобус-троллейбустарга жол кире накталай төлөм аркылуу 20 сом, «Тулпар» картасы аркылуу 17 сом, MegaPay электрондук капчыгы аркылуу 11 сом болот.

Ошол эле учурда жеке менчик маршруттук бустар 20 сомдон каттай баштайт.

Жаңы желекти колдонуу күчүнө кирет

22-декабрда президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик туудагы Күн нурунун толкун сымал формасы түздөлүп, чамгарак төрткө көбөйгөн.

Ошондой эле туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрү жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, ал эми унаалардын номердик белгилери жана туунун сүрөтү түшүрүлгөн каттоо күбөлүгү тиешелүү мамлекеттик органдардын алмаштыруу чечими чыкканга чейин колдонулат. 2024-жылдагы эл аралык мелдеш жана иш-чараларга желектин жаңы үлгүсү колдонула турганын өкмөттөн кабарлашты.

2024-жылдан тарта соодагерлер патент менен иш кыла албайт

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн аймагында патент менен иштөө токтотуларын маалымдаган. Бирок Президент Садыр Жапаров «Дордой» базарынын соодагерлери менен болгон жолугушуусунда патент менен иштөө мөөнөтү 1-июлга чейин узартыларын кабарлады. Ошол күнгө чейин патент менен соода кылган ишкерлер салык төлөөнүн башка режимдерине өтүшү керек.

Ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

– жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы мыйзамдарга жана жалпы негиздердеги өлчөмдөргө ылайык төлөнөт;

– бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн алгылыктуу салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын өлчөмдөрү жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 1% жана 50 млн сомго чейин – 0,5%ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Бул салык режимдеринин бирине өтүү үчүн ишкерлер учурдагы салыктык катталган жери боюнча мекемеге арыз бериши керек. Азыркы учурда салык органдары башка салык режимдерине акырындык менен өткөрүүнү камсыз кылуу максатында соода ишин жүргүзгөн ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу пайдаланууга берилет

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылды жыйынтыктаган жыйында билдирген.

Альтернативдик жолдун курулушу 2014-жылы башталган. 126-чакырымдагы I фазанын долбоордук бөлүгүн ишке ашырууга 399 млн доллар, ал эми 99-чакырымындагы II фазаны ишке ашырууга 298 млн доллар жумшалган.

2024-жылдын эс алуу жана иш күндөрү кандай болот? 

Министрлер кабинети кабыл алган токтомго ылайык, беш күндүк график менен иштегендер үчүн 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин эс алуу күн болуп эсептелип, 2-январдагы иш күн 8-январга, 3-январдагы иш күн 27-январга, 4-январдагы иш күн 2-мартка, 5-январдагы иш күн 2-сентябрга которулду.

Андан тышкары 21-мартта Нооруз майрамдалып, ал эми 23-24-март демалыш күндөргө туура келгендиктен 22-март да эс алуу күн катары эсептелип, бул күн үчүн 8-апрель иш күн болуп саналат.

Ошондой эле 5-май Конституция күнү жекшембиге туш келе тургандыктан бул күндүн эс алуусу 6-майга которулмак. Бирок Өкмөт 1-май Эмгек күнү шаршембиге туш келерин, 4-май ишембиге туш келерин эске алып, 1-майдан 5-майга чейинки бардык күндү демалыш катары жарыялап, 2-май үчүн 6-майда иштөө, 3-май үчүн 11-майда иштөө чечими кабыл алынды.

Кыргызстанда жалпысынан 13 расмий майрам бар. Ага ылайык, өлкөдөгү жумушчу-кызматкерлер үчүн төрт жолу узак эс алуу берилет: Жаңы жыл жана Роджество майрамдарына карата 1-январдан 7-январга чейин; Нооруз майрамына карата 21-марттан 24-мартка чейин; Эмгек жана Конституция күнүнө карата 1-майдан 5-майга чейин; Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин.

Жаңы жылдан тарта окуучулардын тамагына 14 сомдон бөлүнөт

Кыргызстанда башталгыч класста окуган балдарга бир маал тамак берүү үчүн окуучу башына 14 сомдон бөлүнөт. Бул маалыматты 25-декабрда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда маалымдаган.

Айрым депутаттар көрсөтүлгөн сумма өтө эле аз экенин айтышкан.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталат

Президент Садыр Жапаров «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу 2024-жылы башталарын 15-декабрда Бишкекте өткөн Элдик курултайда билдирди. Долбоордук техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөн, бул жолдун салынышы өлкөнүн бардык экономикалык тармактарына таасир этет.

Эске салсак, 18-19-майда Кытайдын Сиань шаарында өткөн «Кытай-Борбор Азия» саммитинин алкагында Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстандын Транспорт министрлиги «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруудагы техникалык-экономикалык негиздемеге баа берүү жөнүндө» Меморандумуна кол коюшкан.

Майып экенин тастыктаган документти онлайн алууга болот

Майыптыгын аныктаган 450 документтер топтому онлайн түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, министрлик медициналык кызматтардагы бюрократияны жоюу чараларын көрүүдө. Өкмөттүн акселераторлор программасын жүзөгө ашыруу максатында атайын долбоор иштелип чыгып, анын алкагында экспертизадан өтүү, кайталап өтүү, майып экенин аныктоо тартибин санариптик режимге өткөрүү жүргүзүлгөн.

Атап айтканда, медициналык-социалдык эксперттик комиссияга электрондук жолдомолорду түзүү жана жөнөтүү жараяны кайра иштелип чыккан.

Бул санариптик долбоор бейтаптын түз катышуусун талап кылбастан, мамлекеттик органдардын ич ара кызматташуусу аркылуу чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Долбоор учурда Бишкек шаарында ишке кирип, 2024-жылдан тарта өлкөнүн бардык аймагына жайылтууга аракеттер көрүлүп жатат.

Бишкекте Күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты 11-апрелден 16-апрелге чейин Бишкек шаарында өтөт. Маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды. Анда 30 комплект медаль жана жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо да ойнотулат.

 Парижде өтө турган жайкы Олимпиада

2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын башталышына аз эле убакыт калды. Дүйнө эли, спортчулары бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жатканы белгилүү.

Франциянын борбору Париж шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарын 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейинки аралыкта өткөрүү мерчемделүүдө.

Олимпиада оюндары 2024-жылы Парижде, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтөрү 2020-жылдын сентябрында эле белгилүү болгон. Бүт дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы эмес, 2021-жылы Токидо өткөн Олимпиаданын жабылыш аземинде Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) жетекчиси Томас Бах желекти Париждин мэри Анн Идальгого тапшырган.

Жалпысынан Франция Олимпиада оюндарын алтынчы ирет өткөрүп жатат. 1900-1924-жылдары жайкы Олимпиада, 1924-жылы Шамониде, 1968-жылы Греноблде, 1992-жылы Альбертвиллде кышкы Олимпиада уюштурулган.

Азия Кубогу-2024

2024-жылы Катар өлкөсүндө өтө турган футбол боюнча Азия Кубогу оюндарына тандалган командалар арасында чүчүкулак Доха шаарында тартылды.

AFC Asian Cup Qatar-2024 беттешинде ойноого 24 мамлекеттин улуттук курамасы тандалып алынып, 4 тайпада беттеше турган болушкан.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы «F» тайпасына түштү. Бул тайпада андан тышкары Сауд Арабия, Таиланд, Оман командалары да бар.

Эске салсак, турнир Катарда 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин өтөт.

2024-жыл эң ысык жана кургак жыл болушу мүмкүн

2024-жыл эң ысык жана эң кургак жыл болушу мүмкүн. Мындай божомолдорду климатолог Адам Скайф жасаганын The Guardian басылмасы жазды.

Температуранын көтөрүлүшү Тынч океандагы суунун жогорку катмарынын температурасынын табигый өзгөрүшүнө байланыштуу. Бул көрүнүш 2-7 жылда бир болуп, орто эсеп менен беш жылга созулат.

Окумуштуунун айтымында, глобалдык ысык цельсий боюнча 1,5 градустан ашык көтөрүлүшү мүмкүн жана Түштүк термелүүсүнүн күчтүү фазасында адамзат болуп көрбөгөндөй ысыкка кабылат.

Мындай ысык жыл 2016-жылы болгон.

2024-жылы мектептер ваучердик каржылоого өтө баштайт

2024-2025-окуу жылынан тарта «ваучердик» окуу системасы пилоттук режимде башталары айтылган.

2021-жылы мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер кирген. Бул жумушчу топ «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга киришип, бирок жарандык коом менен министрликтин ортосунда пикир келишпестик орун алып, эки долбоор жазылган.

Жарандык коом депутаттар менен биргеликте иштеп чыккан мыйзам долбоору буга чейин бир канча жолу коомдук аянтчаларда талкууланган.

Тышкы карызды төлөөнүн эң оор учуру болот

2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 66 млрд сом жумшоо пландалууда.

2023-жылы карызды төлөөгө 53 млрд сом каралып, өз убагында төлөнүп келген.

Азыркы тапта Кыргызстандын тышкы карызы 6 млрд доллардан ашты.

Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы белгиленет

Мындай маалыматты Президент Садыр Жапаров 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө жасаган кайрылуусунда билдирген.

Түркстан АССРдин партиялык жана советтик уюмдарында Орто Азиянын улуттук-аймактык бөлүштүрүшү маселеси 1920-жылдан тарта көтөрүлө баштаган.

1924-жылы 24-октябрда Түркстан АССРинин курамындагы кыргыздар Орусия советтик федеративдик социалисттик республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлгөн. 1925-жылы май айында ал Кыргыз автономиялуу облусу болуп өзгөртүлгөн.

1926-жылы Кыргыз автономиялуу республикасы, 1936-жылы СССРдин курамындагы советтик социалисттик республика макамын алган. 1991-жылы СССР тарагандан кийин Кыргыз Республикасы эгемендигин жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM