Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Коомдук унаага жол кирени 20 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Коом | 22 Дек 2023 | 311 | 0

Бишкек шаардык кеңешине коомдук транспортторго жол кирени накталай төлөм үчүн 20 сомдон, электрондук капчык менен 17 сомдон кылуу сунушталды. Биринчи вице-мэр Максатбек Сазыкулов кийирген бул долбоор шаардык кеңеште ушул айдын аягына чейин каралып, чечим кабыл алынышы керек.

Мыйзам долбоордун демилгечиси Максатбек Сазыкулов андагы камтылган пункттар боюнча мындайча түшүндүрмө берди:

«Алгач бул демилгени алып чыкканда 25 сомго чейин көтөрүүнү сунуштаганбыз. Андан кийин элдин оюн эске алуу менен 20 сомго токтолдук. Себеби бир жүргүнчүнүн коомдук унаага түшүшүнүн өздүк наркы 19 сом 70 тыйынды түзөт. Биз жүргүнчүлөргө өздүк наркты эле төлөөнү сунуштап жатабыз. Ошондой эле өнөктөштөрүбүз 6 сомун төлөп берүүнү колго алып жатат. Эгерде жүргүнчүлөр «Megapay»,«Mbank», «О!Деньги» тиркемелерин колдонуп, жол кире төлөсө, мурункудай эле 11 сомго калат. Ошондой эле кешбек пайыздары кайтарылат».

Бишкек шаарынын көчөлөрүнө да өзгөрүүлөр кирет. Бул тууралуу «Жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасынын директору Ренат Султанмамытов билдирди.

Анын айтымында, кырсык болтурбоо максатында жолдун энине жараша тилкелер чийилет. Мисалы, бир унаа жүрө тургандай гана жол болуп калат. Азыр бир жол эки чийим болсо, алдыда үчкө өзгөрүшү мүмкүн .

«Бишкекте жолдордун эни туурасынан алганда, ар кандай. Чет элдик тажрыйбанын негизинде изилдеп көрүп, Бишкектеги жолдорду бирдей көлөмдө жүрө тургандай кылууну чечтик. Мисалы, бир унаа 2 метр 75 см жерге кенен батат. Ахунбаев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин коомдук унаа үчүн сары тилке чийгенибизде көп нааразылык болгон. Мындан улам ал көчөнүн жолун үчкө бөлдүк. Жаңы чийимдерди пайда кылуу менен биз айдоочулардын катуу ылдамдыкта айдоосунун алдын алабыз. Себеби бир унаа экинчи унааны ашып айдабай калат. Бул аркылуу кырсыктарды кыскартсак болот».

Коомдук транспортто пенсионерлер, майыптар, жети жашка чейинки балдар, почточулар мурдагыдай эле бекер жүрө алышат.

Белгилей кетсек, Бишкектеги коомдук транспорттордун жол киресин жогорулатуу демилгеси ноябрь айында көтөрүлгөн. Эл ичине сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, көпчүлүгү коомдук унаадагы шарттарга нааразычылык билдиришип, жол кирени кымбаттатууга каршы экенин айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM