Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Ар бир үй бүлө 8 көрсөткүчтөн турган “check-up” кылып турушу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2023 | 1291 | 0

Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси, профессор Талант Сооронбаев Марал радиосунун “Күн чабыт” программасында жүрөк кан тамыр ооруларынын келип чыгышы жана алдын алуу жолдорун айтып берди.

“Ар бир оору менен күрөшкөнгө караганда алдын алуу жеңилиреек болот. Мунун дагы өзүнүн ишке ашыруу ыкмасы бар. Жалпы сегиз көрсөткүчтөн турган “check-up” модуль бар. Мурда өлкөбүздө адамдар чет өлкөгө атайын барып “check-up” кылдырып келген. Ушул нерсени биз дагы киргизип, алдын алуу стратегиясында элдерге бекер кылып беришибиз керек”, — деди дарыгер.

Ар бир үй бүлө ушул көрсөткүчтөрдү текшерип туруусу зарыл:

  • Тамеки чеккен адам өзүн-өзү көзөмөлдөп, бул адаттан арылуусу зарыл;
  • Туура тамактануусун көзөмөлдөп, бул жөнүндөгү маалыматтарга кызыгуусун арттырышы керек;
  • Активдүү жашоого умтулуп, күндө жай басууну адатка айлантуу;
  • Ар бир адам өзүнүн салмагын билип, бою менен туура келерин аныктап туруу;
  • Кан басымды көзөмөлдөп, ар бир үй бүлөдө кан басымды өлчөгөн аппарат болушу зарыл;
  • Жаран өзүнүн канындагы канттын деңгээлин билиши керек;
  • Жана кандагы майдын (холестерин) жана кан тамырларды май басып кетүүсүн алдын алуу;
  • Акыркысы, ар бир адам жакшы уктоосу зарыл. Андан тышкары коңурук тартканын жана уктап жатканда дем алуусу токтойбу, көзөмөлдөө керек.

Жарандар жогоруда айтылган сегиз көрсөткүчтү дайыма текшерип көзөмөл кылып турса оору күчөбөй, кыйын абалга түшпөйт.

“Ыштын ден соолукка зыяны бар экени дүйнөлүк деңгээлде тастыкталган. Биз Бишкектин ышы жарандардын ден соолугуна канчалык деңгээлде зыян тийгизеерин изилдегени жатабыз. Бир канча иш аракеттердин натыйжасында шаардын ышы бир топ төмөндөгөн. Бул нерсеге жарандар сарсанаа болбой койсо болот”, – деп кошумчалады ал.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM