Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси, профессор Талант Сооронбаев Марал радиосунун “Күн чабыт” программасында жүрөк кан тамыр ооруларынын келип чыгышы жана алдын алуу жолдорун айтып берди.
“Өлкөбүздө жүрөк-кан тамыр оорусу менен ооруп, өлүмгө учурагандар көп кездешет. Көп жылдан бери өлүмгө учурагандардын саны бир калыпта, 50%дан өйдө көрсөткүчтөн түшпөй турат. Айрыкча COVID-19 вирусу жүрүп жатканда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар арасында өлүмгө учурагандар көп кездешкен. Ошондуктан өлкөбүздөгү бардык деңгээлдеги ооруканалардан сурамжылоо жүргүзүп, беш жылдык программа түзүп чыктык. Жыйынтыгында жарандардын көпчүлүгү ден-соолугуна жетишээрлик көңүл бурбай тургандыгы маалым болду. Кан басымы көтөрүлгөн адамдардын саны өлкөдө өтө көп. Дарыгерлер бейтаптын кан басымын текшерип, дары ичип, дарыгердин көзөмөлүндө дарыланыш керек экенин айтса да көңүл бурбай жүрө бергендер көп”, — деди дарыгер.
Анын айтымында, бир сутканын ичинде адамдын кан басымы көтөрүлүп турса инсульт болуу көрсөткүчү жогору. Бирок ошону билип туруп өзүнүн ден-соолугуна кайдыгер караган инсандар көп кездешет.
Эмне үчүн жүрөк кан тамыр оорулары көп?
Биринчиден, тамеки чеккен адамдардын саны өтө эле көп. Андан кийин, туура тамактануунун жоктугу. Бул нерсе ашыкча салмак менен жабыркагандарга, жашоосунда активдүү кыймыл-аракет жасабаган адамдарга көбүрөөк тиешелүү. Ага кошумча ар бир адам өзүнүн кан басымын билип, жогорку деңгээлде болсо аны дарылоого кызыктар болушу зарыл. Ар бир үй бүлөдө кан басымды өлчөөчү аппарат болушу шарт. Анын баасы дарыгер жазып берген таблеткалардан арзаныраак турат.
Андан тышкары, кандагы кант диабет оорулары жүрөк кан басым ооруларына жакын болот. Эгерде диабет оорусу болсо, ошол адамда жүрөк кан тамыр оорусу да оор түрдө өтөт.