Биз менен байланышыңыз

Айтматов жана ал айткан учкул сөздөр (сүрөт)

Блог | 11 Дек 2023 | 1445 | 0

Быйыл, дүйнөгө аты таанымал залкар жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилеп жатабыз. Алп жазуучунун көөнөргүс жашоосун чагылдырган сүрөттөрүн жана учкай айтып кеткен сөздөрүн чогултуп чыктык.

«Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү».

«Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле».

«Дос кыйынчылыкта билинет» дешет. Менимче, бактылуу кезиңде да билинет»

«Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң».

«Өмүрдүн чыныгы баркы — ишенимде, бактысы да — ишенимде».

«Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк».

«Миңдеген адамдын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың…».

«Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт».

«Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз».

«Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү».

«Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың».

«Жер канчалык кең болбосун, канча ачыктык жана жарыктык болбосун, адамга баарыбир бир нерсе жетишпегендей… Жана баарынан мурда — эркиндик…».

«Ушул жерден өзүңдү жеңип көр, башка жакка кетүү баатырдык эмес, каалаган адам кете алат, бирок, баары эле өзүн жеңе албайт».

«Адамдар жалкоолуктан канчалаган бактысыздык жана байкуштук жаралганын жана бардык мезгилдерде жаралып келгенин билишпейт».

«Жакшылык жолдо жатпайт, аны капыстан таап албайсың. Жакшылыкты адам адамдан үйрөнөт».

«Ашказан мээден акылдуу келет. Себеби, ал кусуп жиберишти билет. А мээ бардык нерсени кабыл кыла берет».

«Ким согуш менен келсе, ал согушту эки эсе табат…».

«Ар бир адамдын алдында ишке ашкыс тапшырма турат, бүгүн, эртең жана дайыма адам болуу».

«Адамсыз адам жашай албайт, адамдар менен дагы жашоо оор».

«Бир нерсе жасап, эми тынчыраак жашаймын деп ойлойсуң, а бирок, андай болбойт, жашоо сөзсүз дагы бир нерсени ойлоп табат».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM