«Наристе» тигүү фабрикасынын негиздөөчүсү Диларахан Акылбекова Марал радиосунун “Күн чабыт” программасында конокто болду. Ал жумушка алуучулар башынан бир талапты койбогондуктан, бул тармактагы азыркы көйгөйлөрдүн чыгып жатканын айтып берди.
“Наристе” фабрикасы деген бренд менен 2015-жылдан бери иш алып барып, бирок тигүү тармагында 2006-жылдан бери алектенип келе жатабыз. Ошол кезде элдин баары өзүнө иштеп, патент, налог деген нерселерди билчүү эмес. Биз ошол кезде эле товарыбыздын өтпөй калганын билип, атайын патент алып официалдуу түрдө кезеке турат элек. Ошондон кийин вагондорго чуркап барып товарыбызды салбай, атайын карго аркылуу аз убакыттын ичинде жеткирүү кызматын колдонуп калдык. Ал кезде патенттен пайдаланып кезеке турган ишкерлердин саны аябай өскөн. Ошол үчүн бул тармак өлкөбүздө жакшы алдыга жылды деп ойлойм”, — деди Акылбекова.
Анын айтымында, сыртка чыккан ишкерлердин көпчүлүгү Орусияга кетип жатат. Ал жакта дагы биз сыяктуу эле айлык алат. Бирок бизде ал жактагыдай тартип жок болуп жатат. Себеби иш берүүчүлөр башында жумуш берүүдө атайын талаптарды койгон эмес.
Бул тармакта да шартка жараша көп өзгөрүүлөр болуп келүүдө. Пандемиядан кийин электрондук кызматтардан пайдаланып, карго тармагында өзүнчө чоң фирмалар пайда болду.
Ишкер айым, тигүү тармагында бренд болгонго чейин товарын экспорттоо кыйынга турганын айтты. Андан кийин гана башкалардын чет тилдеринде коюп жаткан аттарды көрүп, ата-мекендик өндүрүш болсун деген потриоттук сезимдер ойгонуп, кыргызча аталышты ойлоп чыкканын эске салды.
“Азыр жумушка келген адам айлык акыны бардык жердегилерге салыштырып, эгер анын талабын аткарбасаң эмоцияга алдырып кетет. Ушул нерсенин айынан ишкерлер жумушчуларды сырттан издеп баштады. Азыркы учурда жумушчулардын көпчүлүгү Пакистандан, Бангладештен жана Вьетнамдан келип жатат. Ал жакта орточо эсеп менен айлык акы 13 миң сомду түзөт экен. Бизде орточо эсеп менен швеяда иштегендер 40 миң алат.
Андан сырткары 50 миңден 80 миңге чейин алгандар да бар. Бирок алар үйүндө буюртма алып, түну менен уктабай тигип беришет. Ал эми ишканада эртең буюртма жөнөтүш керек болсо ошол жерде калып, ден соолугун аябай иштегендер толтура. Ошондуктан бизде иштетип жаткан ишкерлер да убакытты коюш керек деп ойлойм”, — деп кошумчалады ишкер айым.