Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанга 2019-жылы 267 миң тигүүчү машина кирген»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Дек 2023 | 1137 | 0

Акыркы эки жылда сапаты начарлап кетти деген нааразычылыктар көп болуп жатат. Бул тармакка эптеп кирип алгандар “бат эле акча таба коем” деп, ушунча жыл чогулткан кадыр-баркты кетирип жатышат. ”. Бул тууралуу “Легпром” бирикмесинин президенти Сапарбек Асанов “Маралдын эфиринде билдирди.

“Кээ бир ишкерлер ишканага да, соода тармагына өзүнчө салык төлөп жатат. Мамлекет ушул нерсени бөлүп карабай, бир салык киригизип койсо жакшы болмок. Себеби соода кылып жаткан орундуктун да өзүнчө төлөмдөрү менен көбөйүп кетет. Биздин чыгарып жаткан өндүрүм өтпөй турган болсо, бул тармакты тез эле башкаларга өткөрүп беребизби деп корком”, — деди Асанов.

Анын айтымында, 2022-жылдан бери Орусиядан  “Wildberries” менен иштешкендер көп келген. Бирок акыркы убакта сапат жактан нааразычылыктар көп болуп, башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болуп жатат.

“Улуттук статистика коммитетинин 2019-жылдагы маалыматы боюнча 267 миң тигүү машинасы киргизилген. Бир тигүүчүнүн артынан эки жумуш орундугу тузүлөт. Экономика көбүрөөк экспорт кылып, азыраак импорт кылганда өсөт. Бизде бүгүнкү күндө тескерисинче болуп жатат. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, былтыркы жылы тигүү тармагы экспорт боюнча биринчи позицияга чыгыптыр.

Андан сырткары, бул тармактагы иштеген бир эле адам үй-бүлөсүндөгү 3-4 адамды багып жатат. Ошону орто эсеп менен алганда канчалаган адам жанын багып жатат. Мурда Бишкек шаарында болсо, азыр бүт аймактарда ачылууда. Азыр жумуш берген жерге келбей эле  “үйдө отуруп тигүү” (надомник) деген түшүнүгү пайда болгон”, — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM