Биз менен байланышыңыз

Асанов: Кыргызстандын тигүү тармагы мобилдүүлүгү менен айырмаланат

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Дек 2023 | 771 | 0

“Бизде пахта өстүргөн жерлердин баары менчик тарапка өтүп, сапатына көңүл бурулбай калган. Ал эми Өзбекстанда бардык өндүрүш жерлер мамлекеттин менчигинде”. Бул тууралуу «Легпром» бирикмесинин президенти Сапарбек Асанов “Маралдын эфиринде билдирди.

“Бул тармак боюнча Өзбекстан менен 3-4 жылдан бери кызматташып келебиз. Алар Кыргызстандан тигилген кийимдер ушунчалык деңгээлде башкалардын кызыкчылыгын арттырып, бул тармакта алардан да алдыга жылганыбызды айтып кетишкен. Биздин мобилдүүлүккө, дизайн жагынан креативдүү алдыга жылып жатканыбызды көрүп, алар өзүнүн жүргүзгөн саясатына жараша дагы да ыңгайлуу шарттарды түзүп жатышат”, — деди Асанов.

Анын айтымында, Кыргызстанда жылына 18 миң тоннадай пахта өндүрүлүп чыгат. Бул бир ишкананын көлөмүнө эле туура келип, сапаты жактан да начарлап кеткен.

Жеңил өнөр жай деп оңой угулганы менен ичинде жушум кылуу өтө кыйын.

“Менин оюмча, акыркы убакытта билгени да, билбегени да бул жаатта эксперт болуп кетти. Айткандын баары “мамлекет карабайт, көңүл бурбай койду” деген сөздөрдү айтып келишет. Андай болсо “эмне үчүн Кыргызстанда тигүү тармагы ушунчалык алдыга жылды?” деп суроо бергим келет. Өзбекстанда акыркы 3-4 жылда өнүгүп келе жатат. Ал эми 300 миң тонна пахта өндүргөн Тажикстанда да мынчалык алдыга жылган эмес.

Себеби биринчилерден болуп 2001-жылы Кыргызстандан чыккан товарды официалдуу түрдө экспорт кылып баштаганбыз”, — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM