Биз менен байланышыңыз

Тигүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Өзбекстанга кетип жатат. Ал жакта кандай шарттар түзүлгөн?

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Дек 2023 | 1040 | 0

“Өзбекстанда бир жылда 1 млн 200 миң тонна пахта чогулат экен. Аны экспортко чыгарбай 100% өздөрү кайра иштетип жатат”. Бул тууралуу «Легпром» бирикмесинин президенти Сапарбек Асанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

“Өзбекстан менен акыркы учурларда тыгыз иштешип жаткан ишкерлерди билебиз. Анткени өлкө тарабынан аябай жакшы шарттар түзүлгөн. Былтыркы жылы жеңил өнөр жай форуму Өзбекстанда өткөндө күбө болуп кайттык. Ал жерде түзүлгөн шарттарын айтып, иштешүүгө кызык тараптарды арттырган. Алар менен иштешүүдө салыктан бошотуу, узун мөөнөттөгү кредиттерди алуу жана өндүргөн товарларды экспортко кетирсең жол акыга кеткен чыгымдын 70%ын төлөп берүүгө даяр экендиктерин билдирген”, — деди Асанов.

Анын айтымында, Өзбекстан калкы боюнча бизден бир топ эсеге көп, бирок бул тармакта айлык маянаны аз төлөп беришет.

“Эгерде Өзбекстандан өндүрүлгөн пахтадан жип, кездеме жасалып чыкса, бүт бардык салыктан бошотуп коет экен. Эгер ал өлкөдөн чыкпай турган кездемелерди сырттан алып келип кийим тигип, экспорт кылсаң бажы төлөмүнөн да бошотуп коептур.

Андан сырткары, ишкер товарын сыртка чыгаргандан кийин жети күндүн ичинде НДС кайра ошол адамдын эсебине кайтарылат. Бул ишкер үчүн абдан жакшы стимул болуп берет”, — деп кошумчалады ал.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM