Биз менен байланышыңыз

«Адамдардын 50%ы тишти туура жууганды билбейт». Тиш дарыгери менен маек

Блог , Пикирлер | 24 Ноя 2023 | 1301 | 0

Марал радиосунун «Мединфо» программасынын чыгарылышында тиш дарыгеры Арсен Абдиев конокто болду. Ал тишке туура кам көрүү, жаш балдардын тишин дарылоо, брекет кандай учурда коюлат ж.б тууралуу кеңештерин берди.

Арсен Абдиевдин айтымында, адамдардын 50%ы тишти кантип жууш керек экенин билишпейт.

“Тиштин гигиенасына баланын кичинекей мезгилинен баштап эле көңүл бурушубуз керек. Себеби бала биз жеген тамак-ашты жеп чоңойуп жаткандыктан анын тишинде да ошончо калдык болот. Ал үчүн баланын тиши чыгып баштагандан кийин эле алты айда бир профилактикадан өтүп турушу зарыл”, — деди Абдиев.

Тишти кантип туура тазалайбыз?

«Кээ бир адамдар тишти бир минутага калбай эле жууп бүтүп коет. Бул туура эмес. Щетканын өлчөмү үч тишке барабар болот. Ошол үчүн тишти өйдөдөн ылдыйды көздөй шыпырып жуушубуз керек. Себеби андай ыкма менен тиштин ортосундагы тамак-аш калдыктарын тазалайбыз. Тиштин алдыңкы бөлүгүн жууп бүткөндөн кийин, арткы жагын да ошондой ыкмада жууп алабыз. Кечинде сөзсүз түрдө тилибизди кошо жууп, тамак жегенден кийин атайын минералдык тиш чайкаган сууларды колдонсок болот. Мунун баарын эске алганда, биздин тиш жуу убакытыбыз үч минутадан бир аз ашат. Тилди кечинде тиш менен кошо жууган туура болот, себеби тил ооз көңдөйүндө эң көп микроб ташычуу орган».

Тишти тазалоочу каражаттарды кантип тандоо керек?

«Биз тиш щетканы ар бирибиз тишибиздин түзүлүшүнө жараша тандашыбыз керек. Ар бир щеткада катуу, жумшак жана орточо деп жазылып турат. Себеби тиштин мүлктөрүндө көйгөйү барлар катуу щетка менен жууганга болбойт.

Андан тышкары, тиш пастаны алып жатканда анын курамына сөзсүз түрдө көңүл бурушубуз зарыл. Эгер тандай албасак сөзсүз түрдө тиш доктурга кайрылып, ошонун көзөмөлү менен тандаса дагы да жакшы болот. Тишти жуугандан соң сөзсүз түрдө тиштин ортолоруна арналган жипче менен тазалоо туура. Ал эми тиш тазалоодо кеңири колдонулган тиш чукугучту (зубочистка) колдонбогонго аракет кылалы. Себеби анын кандай жерден, кантип чыгып жатканын билбейбиз. Биз билбеген абалда тишти жана мүлктөрүн жабыркатып алуу мүмкүн.

Биз ичип жаткан сууда фтор менен хлор көп болгон үчүн тишибиз эрте бузулуп жатат. Ошондуктан ар бир адамдын организмин текшерип, ошого жараша щеткаларды тандаган жакшы. Бирок ар бир адам алты айда бир гигиеналык тазалоодон өтүп турушу зарыл».

Дарыгердин айтымында, Кыргызстанда стоматология тармагы башка өлкөлөрдөн да алдыга жылып кетти.

“Брекет азыркы учурда жаштар арасында мода болуп кетти. Бирок муну жасатаарда атайын профилактикадан өтүп, анализ тапшырышы керек. Бул бир гана тишти тегиздөө үчүн эмес, жаак булчуңдарын туура калыбына келтирүүчү милдетти аткарат”, — деп кошумчалады тиш дарыгери.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM