Биз менен байланышыңыз

“ХАМАС” менен Израиль төрт күнгө тынчтык келишимин түздү

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2023 | 686 | 0

“ХАМАС” кыймылы менен Израиль төрт күнгө ок атышууну токтотуунун жана Газа тилкесиндеги барымтадагыларды бошотуу боюнча макулдашты.

“ХАМАС” мындай макулдашуу Катар менен Египеттин аракеттеринин негизинде ишке ашып, сүйлөшүү оор болгонун белгиледи.

Келишимге ылайык жүздөгөн жүк ташуучу унаалар Газа секторуна гуманитардык жүк алып киришет.

“ХАМАСтын” маалыматы боюнча алар барымтага алган адамдардын ичинен 50 аял киши жана 19 жашка чейинки балдарды бошотушат. Ал эми Израиль түрмөдөн 150 аял жана 19 жашка чейинки балдарды бошотушу керек.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM