Биз менен байланышыңыз

Ибраев: Коомго маалыматтарды иргебей жеткиргендер да жоопкерчилигин сезиш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2023 | 322 | 0

“Коомго маалыматтарды иргебей жеткирүү да терс таасирин тийгизет”. Мындай пикирин “Маралдын” эфиринде «Ордо диалог» платформасы коомдук фондунун жетекчиси, теолог Марс Ибраев билдирди.

“Көпчүлүк жаштар акыры эмне менен бүтөөрүн билбей жаман иштерди кылып коюп жатат. Ошондуктан ал ишти кылса канчалык күнөө болот жана мыйзам чегинде кандай жооп бере тургандыгын эскертип айтып турушубуз зарыл. Буга Кавказ өлкөсүн мисал келтирип кетсек болот. Мындай терс көрүнүштөргө барган жаштарына ар кандай жазаларды колдонот экен. Муну билген коомдун ичинде көзөмөл, иммунитет пайда болгон”, — деди Ибраев.

Анын айтымында, азыр социалдык тармакта активи жогору болгондун баары коомдогу көйгөйдү маселенин туура же туура эмес экенин билбей эле жеринде тартып чыгарып жатат. Муну диний жактан ала турган болсок, бирөөнүн айыбын жаап-жашырып коюу туура деп эсептелет.

“Кайсы бир мусулман башка бир мусулмандын айыбын ачып кое турган болсо, Кудай Таала анын дагы айыбын бул дүйнөдө же аркы дүйнөдө ачат”.

“Кээ бир өлкөлөрдүн кабарларын карасаң негатив маалыматтар өтө көп. Мен Египетте окуган үчүн, ал жакта терс көрүнүштөгү маалыматтарды аз чыгарат болчу. Себеби элдин психологиясына терс таасирин тийгизет. Бир эле окуяны ар түрдүү кабыл алган инсандар бар. Ошол үчүн ар бир эле жаман нерсени чыгара бербей, коомдо ушундай көйгөйлөр бар экенин сездире тургандай жеткиришибиз керек”, — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM