Биз менен байланышыңыз

Ибраев: Азыркы үй-бүлөлөрдүн көйгөйү — түшүнүшүү, баарлашуунун жоктугу

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2023 | 664 | 0

“Бизге кайрылган үй-бүлөлөрдүн эң чоң көйгөйү — бири-биринин табиятын түшүнө албай, ортодо баарлашуунун жоктугу”. Мындай пикирин “Маралдын” эфиринде «Ордо диалог» платформасы коомдук фондунун жетекчиси, теолог Марс Ибраев билдирди.

“Азыркы учурда миграцияга кеткен ата-энелер балдарын таштап кетип жатат. Алар балдарынын тарбиясын башкаларга ишенип таштап кетип, толук кандуу эмес камкордукта чоңойуп жаткандыгы өкүндүрөт. Ал эми төрөлгөн бала кандай болбосун, анын жоопкерчилигин алышыбыз керек. Ал эми көчөгө таштап салгандык таш боордуктун, ыйманы алсыздыктын жеткен чеги болуп эсептелет. Жаныбар дагы эне катарында баласын белгилүү бир учурга чейин жанын курман кылып болсо да башкалардан коргоп өтөт”, — деди Ибраев.

Анын айтымында, үй-бүлө куруу, андагы мамиле жана ролдор тууралуу сабактар өтүлүшү керек.

“Мен Казакстанга жөнөкөй бир университетке барып калдым. Ал жерде атайын “үй-бүлө” сабагы бар экен. Даражасы бийик профессорлор лекция өтүп, кадимкидей экзамен тапшырышат. Бизде “Диндердин тарыхы” сабагы кирди. Бирок үй-бүлөнү дин тараптан эле эмес, атайын этикалык жактан да үйрөтүү керек. Сабактан сырткары атайын конкурстарды уюштуруп, кыздарыбызга эне болууга даярдык курстарын өтүүгө болот”, — деп кошумчалады ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM