Биз менен байланышыңыз

Ибраев: Үйлөнө турган жаштарды турмуш курууга даярдоо зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2023 | 645 | 0

“Ички дүйнөбүздүн, адеп-ахлактын, кулк-мүнөзүбүздүн, ыйманыбыздын баалуулуктарын арттырып, тарыхыбызга кайтуунун убактысы келди. Азыркы учурдагы жаңы нерселерди да үйрөнөлү, бирок жогоруда айтылган нерселерди да чогуу алып кетпесек алыска бара албайбыз”. Мындай пикирин “Маралдын” эфиринде «Ордо диалог» платформасы коомдук фондунун жетекчиси, теолог Марс Ибраев билдирди.

“Бизде ооруну алдын алуу болбой эле, оору менен күрөшүп жатабыз. Бир жаныбар кылбаган нерсе адам колу менен кылынып жаткандыгы өкүнүчтүү. Биздин адамдык баалуулуктарыбыз эске алынбай, жалпы коомдук негизде көйгөй катарында алдын-албай калган учурда ушундай көрүнүштөр келип чыгат. Биз адам баласы кемчилдигибиз бар. Ошону ыйманыбыз, тарыхыбыз аркылуу толуктап келебиз. Ар бирибиз жаныбызды, урпагыбызды коргогонго милдеттүүбүз. Бул жерде ошол ишти кылган кыз да, ага себепчи болгон бала да, аларга тарбия бере албаган ата-эне жана коом да күнөөлүү. Биз өзүбүздү билбей башканы күнөөлөп, сындап үйрөнүп калганбыз”, — деди Ибраев.

Тарбия маселеси бир жумада бир өтүлгөн сабак менен бүтпөйт. Коомдун бүтундүгү үч нерседен көз каранды:

  • Биринчи жакшы бир билим берүү. Бул нерсе алгач эле ата-энеден башталат. Андан кийин бала-бакча, мектеп жана жогорку окуу жайлар. Биз өзүбүздү кайсы тараптан көрсөтсөк балдарыбыз да ошону ээрчип, коомдо болуп жаткан нерселер таасир бериши мүмкүн.
  • Андан кийин үлгү алуучу коом. Баарыбыз улуу-кичүү дебей бири-бирибизден өрнөк алып жашайбыз. Коомдо ушул сезим жоголгондо “каалаганымды кылам” деген нерсе пайда болот. Ошол үчүн Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “уялбасаң каалаганыңды кыл”, — деп айткан.
  • Акыркы эң маанилүү нерсе — үй-бүлө институту. Бул үйлөнө турган жаштарды турмуш курууга даярдоо. Андан кийин үйлөнгөн жуптар бири-бирин түшүнүп, балалуу болгондон кийин аларга кандай тарбия берүү керектигин үйрөнүү керек. Эң алгач эле булардын баарына даяр экенин аңдап билиши керек.

Марс Ибраев депутаттар сунуштап жаткан “Baby box’’ деген жайларды ачуу айла жоктун иши экендигин, эң жакшысы өз ата-энесине же атайын камкордукка алам деген жарандарга берилүүсү туура экенин баса белгилеп өттү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM