Биз менен байланышыңыз

Японияда туристтер көбөйүп, көчөлөрдө таштанды челектер коюла баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2023 | 643 | 0

Японияга келген туристтердин саны пандемияга чейинки деңгээлден ашып, көчөлөрдө таштанды челектерин көбөйтүү маселесин кайрадан козгоду. Бул тууралуу The Japan Times басма сөз кызматы жазды.

Жагдайдын олуттуу экенин өкмөттүн туризм боюнча токтомунан билүүгө болот. Токтомдо тазалыкка кам көрүү жана анча белгилүү эмес туристтик багыттарды жайылтууга каршы күрөшүү камтылган.

Осакадагы туристтер көп барган Дотонбори районунда ондогон жаңы таштанды челек коюлду. Аларды колдонуу үчүн нускама бир нече тилде жазылган. Ага чейин мындай челектер Киото жана Хиросимага коюлган.

Көп жылдар мурун Япониянын көчөлөрүндө таштанды челектер дээрлик жок болуп кеткен. Осаканын айлана-чөйрөнү коргоо бюросу белгилегендей, тургундар жагымсыз жыт, таштандылардын көпкө чейин туруп калышы боюнча арызданышкандыктан, контейнерлерди алып салуу чечимине келишкен.

Японияда таштанды көйгөйү көчө фаст-фудунун көптүгүнө байланыштуу. Туристтер көбүнчө нукура япон ашканасынан баш тарта алышпайт. Ошол эле учурда кагаз жана желим бөтөлкөлөрдү иргөө эрежелерин билбегендер арбын.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM