Биз менен байланышыңыз

Булгарыдан буюм жасап саткан достор

Блог | 14 Ноя 2023 | 311 | 0

Белек Далымбаев менен Рустам Иманалиев майыптыгы бар адамдар. Экөө 2-3 жылдан бери булгарыдан капчык, кур, баштыктарды тигип сатып келишет.

Белек Далымбаев, Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал 2012- жылы авто кырсыкка кабылып, бел омурткасы сынып баспай калган.

«Апам айылда турат, иним бар. Ал Орусияга иштегени кетти. 6 жылдай төшөктө жатып калдым. Ойлонуп олтуруп, булгарыдан буюм жасаганды үйрөнөйүн деп чечтим. Себеби, менин абалымды эске алганда туура келчүдөй сезилди. Жатып алып жасай берем да. Нарында мага окшоп жатып калган байке бар, анын үйүнө барып, Рустам (досу) экөөбүз үйрөндүк. Азыр соодабыз жакшы. Социалдык тармактар аркылуу бизге чыгып, буюртма берип жатышат. Өзүбүздүн күчүбүздү өзүбүз көрөлү деп аракет кылып жатабыз. Бул биз жашаган жер үйүбүз да, жумушубуз дагы. Ижара акыга 10 миң сом төлөйбүз. Иштеп тапканга аракет кылабыз».

Белек Далымбаев автокырсыкка кабылып, буту баспай калган. Ал өз алдынча тамак ичүүгө чамасы келбей калган абалдагы жарандарды көргөндөн кийин оюун түп тамыры менен өзгөртүп, аракет кылууну баштаган.

«Токмокто бир байке майыптыгы бар адамдарды чогултуп турат. Ошол жактан көзүм ачылгандай эле болдум. Себеби, ал жакта колу — буту иштебеген, өз алдынча тамак иче албаган балдарды көрдүм. Ошондон кийин абалыма шүгүр кылдым. Эки бут баспаса да, эки колум иштейт».

Белек мырза менен Рустам Иманалиев эки жылдан бери бирге иштеп, бир үйдө туруп, бири-бирине жөлөк болуп келишет.

Рустам Иманалиев төрөлгөндө дарыгерлердин катасынан улам буту майып болуп калган.

«Баса турган учурда эле бутум оорулуу экени билинген. Жаңы төрөлгөндө дарыгерлер туура эмес кармап, бутум чыгып кеткен экен. Аны ата-энем кийин билишкен. 16 жолу операция кылдык. Акыры бутумду алдыруу менен аяктады. Апам каза болгон. Карындашым бар, ал өзүнүн үй-бүлөсү менен жашайт. Мурда мен полиграфияда иштегем, ошол жакта сүрөт таркан жабдык менен азыр булгаарыга жазууларды түшүрүп, атайын буюртмаларды алабыз»,— деди Рустам Иманалиев.

Алдыда эки дос чоң цех ачып башка майып балдарга да булгаарыдан буюм жасоону үйрөтүп, аларга жардам берүүнү самашат. Ал кыялын ишке ашыруу үчүн талбай аракет кылып жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM