Биз менен байланышыңыз

Эр-Рияд-2023: Дүйнөлүк оюндарда Кыргызстан 10-орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 27 Окт 2023 | 1062 | 0

Кыргызстандык спортчулар Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 10-орунга көтөрүлүштү. Маалымат Wrestling Liveresults сайтына жарыяланды.

27-октябрга карата Кыргызстандын эсебинде 4 алтын, 2 күмүш, 7 коло медаль бар.

Казак күрөшү боюнча кыз-келиндер арасында 60 кг салмакта Бегай Бейшеналы кызы, алыш күрөшү боюнча эркектер арасында 90 килограмм салмакта Азизхан Мусабек уулу, 70 килограмм салмакта Марлен Абдрасулов, кыз-келиндер арасында 55 килограмм салмакта Элзада Момунжанова алтын медаль алышты.

Эр-Рияддагы Бүткүл дүйнөлүк оюндар 25-октябрда башталган. Кыргызстандын спортчулары оюндардын 15 түрүнөн күч сынашып жатат. Турнир 30-октябрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM