Биз менен байланышыңыз

УКМКнын төрагасы тууну өзгөртүүнү колдоорун билдирди

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 170 | 0

Бүгүн, 26-октябрь Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев туунун өзгөрүшүн колдой турганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Эки күндөн бери «туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу?» деп талкуулап жатасыздар. Менин пикирим боюнча, өзгөртүшүбүз керек. Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек, күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиши керек».

Кечээ күнү президент Садыр Жапаров да тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын «Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде билдирген.

Учурда кыргыз коомчулугунда мамлекеттик тууну өзгөртүү темасы кызуу талкууланып жатат. Демилгени Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөргөн.

Ал арада спикер туунун айрым авторлору менен жолугушуу өткөргөнүн, алар да өзгөртүүгө макул болгонун кабарлады.

Коомдук ишмерлердин, адабият-маданият, искусство өкүлдөрүнүн көпчүлүгү тууну өзгөртүүгө каршы пикирин билдирүүдө. Ал тургай, социалдык тармакта «Кыргызстандын туусунун өзгөрүшүнө каршымын» флешмобун да баштап жиберишти.

Маселе Жогорку Кеңештин өзүндө да эки ача пикирди пайда кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM