Марал Радиосу

УКМК: Камчы Көлбаевдин жылкылары сатыкка коюлду

УКМК тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында Камчыбек Асанбектин акчасына алынган дагы 7 жылкы табылганын маалымдады.

Буга чейин Камчыбек Асанбекке таандык 8 жылкы табылганын айтып, тизмектеп берген эле.

УКМК жалпы 79 млн 790 миң сомго бааланган бул 15 жылкы сатыкка коюлганын, акчасы бюджетке которуларын билдирген.

УКМК берген маалыматка караганда, кылмыштуу жол менен алынган мүлктөр боюнча иликтөө уланып жатат.