Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги айдоочуларды сары тилке санаага салууда

Коом | 24 Окт 2023 | 459 | 0

Бишкек шаарында коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүү иштери уланып жатат. Бул ирет Байтик Баатыр менен Абдрахманов көчөсүндө сары тилкелер чийилди. Учурда Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки аралыкка чыгыш тарабынан атайын тилке түшүрүлдү. Ал Жибек Жолу проспектисине чейин уланат.

Жол тилкесин Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Бишкекасфальтсервис» ишканасы жана Патрулдук милиция менен биргеликте чийип жатат. Буга чейин сары тилкеден улам тыгын күчөп, айдоочулар даттанып келишкен.

Бишкек шаарынын тургуну Тимур Туратов Байтик Баатыр көчөсү менен күндө каттайт. Анын айтымында, шаардын инфратүзүмү жолду бөлгөнгө ыңгайлашкан эмес. Бөлүнгөн тилкеден улам жол тар болуп, жеңил унаанын айдоочуларына айып көп салынып калат.

«Менимче бул жолдү бөлгөнгө ыңгайлашкан эмес, анткени тар болуп жатпайбы. Эгерде кең жол болсо, бөлсө туура эле болот эле. Эми бул жак ишке кирсе, тыгын көп болуп, убактыбызды жолдо эле өткөрүп калабыз».

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Канат Кадырбековдун оюнда, коомдук унааларга артыкчылык берүү зарыл, себеби коомдук унаа менен карапайым эл каттайт. Ал эми тыгынды жоюу үчүн мэрия өкүлдөрү башка варианттарды издеши керек.

«Коомдук унааларга жеке унаага караганда артыкчылык берүү зарыл. Себеби анда карапайым эл каттайт. Тыгын — чынында баарыбыздын чоң көйгөйүбүз. Мэриядагылар чечимин табышы керек».

Таксист Бектур Юсупов жол бөлүнө электе эле тыгындан улам эрежелер сакталбай жатат деген ойдо. Эгер сары тилке чийилип бүтүп, ишке кирсе, эреже бузуулар дагы көбөйүшү мүмкүн. Айдоочуга олчойгон айып салынып, таксисттер үчүн кыйла кыйын болот.

«Мына азыр эле Байтик Баатыр көчөсү менен өйдө кетип бара жатабыз. Эреже тыгындан улам азыр эле сакталбайт. Эгерде ишке кире турган болсо, эреже бузуулар мындан да көп болот, тыгын мындан да күчөйт».

Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун айтымында, мэрия жолдорду бөлүү аркылуу коомдук унаанын журүү убактысын тездетүүнү максат кылып жатат.

«Байтик Баатыр көчөсүнүн Ахунбаевден Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө коомдук унаалар үчүн тилке ажыратылат. Бул демилге элди ыкчам жеткирип, аларга жакшы шарт түзүү максатында болуп жатат. Бишкек шаарынын 70%ы коомдук унаа менен жүрөт. Мисалы, Жибек Жолу көчөсүнөн Жетикашкаева көчөсүнө чейин 15-17 мүнөттө жете тургандай шарт түзөбүз. Ал эми тыгынды жоюу үчүн ушул жылдын аягына чейин автоматташтырылган жол чырак орнотуу планыбызда бар. Анын кадимки жол чырактан айырмасы, эгер жолдо унаа көп болсо өзү эле убакытты тездетип же жайлатып башкарып турат».

Белгилей кетсек, мындан бир ай мурун Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүнө да сары тилке чийилип, жеңил унаа менен жүргөн айдоочулар мурдагыдан да көп убакыт жол тыгында туруп жатканын айтышып, нааразычылыгын билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM