Биз менен байланышыңыз

Калктын ден соолугуна кам көргөн кайрымдуу ишкер

Блог | 20 Окт 2023 | 366 | 0

Азыркы учурда жуучу каражаттардын түрү көп. Адистердин айтымында, өзгөчө идиш-аякты жууган каражаттарды алууда өтө кылдат болуу шарт. Себеби курамына химиялык заттар кошулгандыктан адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Дал ушул көйгөйдү чечүү үчүн Манас Дыйканбаев ишкерликке аттанып, экологиялык таза шартта, зыяны тийбей турган курамда идиш жууган каражат өндүрө баштады.

Идиш жууган гелди өндүрүүгө месенжерлерден келген билдирүү себеп болгон. Видеотасмада идиш-аяк жуучу каражаттарды колдонуудан улам боор, алергия ооруларына чалдыгып жатканы тууралуу маалымат айтылган. Мындан улам ишкер элдин көйгөйүн чечүүнү максат кылган.

«Мындан үч жыл мурун телефонума идиш-аяк жуучу каражаттарды колдонгондордун боор, алергия ооруларынын түрүнө чалдыгып жатканы тууралуу видео келе берет эле байма-бай. «Ушундай видеолор тажатты» деп, бир сыйра жинденип жаткан мезгилде сапаттуу, зыяны тийбеген гель өндүрүү оюма келди».

Манас Дыйканбаев өндүргөн гелдин бир канча түрү бар. Алардын баары өсүмдүк майларынан жасалат. Экологиялык жактан таза кошулмасы жок экенин ырастаган атайын «Халал» сертификаты алынган.

Ишкердин айтымында, химиялык заттар көп кошулган каражаттар абдан көбүрөт. Ошондуктан самындын көбүргөнүнө карап тандоо туура эмес.

«Бизге жарнамалар аркылуу «бир тамчы менен эле көп сандаган идишти жууганга болот» деген ойду сиңирип койгон. Тескерисинче, көп көбүргөн гелдерде химиялык кошулмалар көп болот. Экогелдер орточо гана көлөмдө көбүрөт».

Экогелдердин 1 литри 200 сомдон сатылып, анын 60%ы кайрымдуулукка жумшалат.

«Чекене баасы бир литри 200 сом, жарым литр 100 сомдон сатылып жатат. Кардарлар гелди сатып алуу менен кайрымдуулук ишине катышып калат. Анткени биз түшкөн каражаттын 60%ын кайрымдуулукка жумшайбыз».

Учурда «Сыпат» идиш-жуучу каражаттары Орусияга экспорттолот. Алдыда башка мамлекеттерге да сатуу аракети көрүлүп жатат. Ошондой эле кир жуучу каражаттар да өндүрүлө баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM