Биз менен байланышыңыз

1-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Сен 2023 | 251 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 1-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19.

Бишкекте өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +23…+25 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM