Биз менен байланышыңыз

«Белес» компаниясы брондолгон унааларды чыгарууну пландап жатат

Кыска кабар | 30 Сен 2023 | 266 | 0

Кыргызстанда ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген «Белес» компаниясы брондолгон унааларды чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Мирбек Аскалиев өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Анда компания брондолгон машиналарды чыгарууга мамлекеттик буйрутма берүүсүн суранган. Өндүрүүчү брондолгон машинанын сапаты кытайлык жана орусиялык өндүрүүчүлөрдөн эч айырмаланбай тургандыгына кепилдик берген.

«Дүйнөдөгү акыркы кырдаалдарга байланыштуу брондолгон унааларга суроо талап жогорулап, заводдорго буйрутмалар көп болуп, баалар өсүүдө. Брондолгон унаа чыгарган өлкөлөр башка мамлекеттерге сатууга да чектөлөрдү киргизип жатат. Үч жыл эмгектенип жогорудагы В6/В7 (4 класс коргону) бронь унаанын конструктордук документерин, чиймелерин (чертеж) керектелүчү тетиктерди чыгауучу заводдор менен жүргүзүлүп жатакан келишимдер аяктап калган учурубуз. Азыркы тапта биздин ишкана ишсиз отурган кези. Биздин ишканага мамлекеттик деңгээлде буйрутма кылсаңар жогорку сапаттагы унаа чыгарууга даяр экенибизди жоопкерчилик менен мойнума алам. Аскердик унаа кандай курал жарак жабдыктар менен жабдылаары сыр болот. Ал сырды атайын адистериңиздерге гана чечмелеп айтып беребиз», — деп жазган Аскалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM