Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ИДПсы 2024-жылга 1,4 трлн сомго болжолдонууда

Кыска кабар | 30 Сен 2023 | 242 | 0

Кыргызстандын ИДПсы 2024-жылы 1,4 трлн сомду түзөт деп болжолдонууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Кеңешмеде «Кыргызстандын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору каралды.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров план боюнча 2024-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 600,7 млрд сомду түзөөрүн билдирди.

«Урматтуу кесиптештер, быйыл айына 45 млрд сомдон таап жатсак, 2024-жылы тапканыбыз айына 50 млрд сомдон аз болбошу керек. Демек, иштер мындан дагы катуу жүрөт. Ал эми ал каражаттарды өздөштүрүү андан дагы ылдам жүрүшү керек. Ишти ар кимге түртө салбай, ыкчам чечип, кескин чечимдерди кабыл ала билүү жоопкерчилиги министрлерде эки эсеге жогорулайт», – деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөнүн ички дүң продукциясы “2024-жылы 1 трлн 464 млрд сомду түзөт” деп болжолдоп жатканын айтты.

Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «келерки жылы мамлекеттик бюджеттин профицити 20,0 млрд сомго пландалып» жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM