Биз менен байланышыңыз

3-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 30 Сен 2023 | 214 | 0

«Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектешкен аймакта, ошондой эле Красный Строитель, Ак — Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, ишканаларды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM