Биз менен байланышыңыз

Активист Мелис Аспеков эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 30 Сен 2023 | 228 | 0

Активист Мелис Аспеков башаламандыктарды уюштурууга даярданууга шектелип кармалып,  2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп жатат. 29-сентябрда тергөөчү райондук сотко Аспековду 27-ноябрга чейин камакка алуу өтүнүчү менен кайрылып, сот өтүнүчтү канааттандырган. Эми Аспеков №1 тергөө абагында камакта болот.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (башамалдыктарды уштурууга даярдык көрүү) боюнча шектелүүдө.

Мелис Аспеков 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон.

2021-жылы январь айында Аспеков «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашковдон 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган. 2022-жылы ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 7 жылга соттолгон. Кийинчерээк Бишкек шаардык сот аталган өкүмдү өзгөртүп, Аспековду 6 жылга эркинен ажыраткан.

Аспеков быйыл 23-майда Садыр Жапаровдун ырайым берүү тууралуу жарлыгына ылайык абактан чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM