Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

Кыска кабар | 30 Сен 2023 | 171 | 0

Президент Садыр Жапаровдун 28-29-сентябрда Германиянын Берлин шаарына болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын Германиядагы элчилигине барып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында орнотулган «Жаш Манасчы» жаңы айкелин көрүп чыкты.

Андан соң президент Кыргызстанда гипсти кайра иштетүүчү завод курууга, ошондой эле компаниянын өндүрүшүн өлкө аймагында локалдаштырууга кызыкдар болгон Knauf ири өндүрүштүк компаниянын жетекчилиги менен жолугушту.

Сапардын экинчи күнүндө президент Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлери менен биргеликте жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кооперацияны өнүктүрүүгө германиялык бизнестин кызыгуусу өсүп жатканын белгиледи.

Ушул эле күнү мамлекет башчысы «Борбор Азия – Германия» биринчи саммитинин ишине катышты.

Күндүн экинчи жарымында президенттин Германиянын Федералдык вице-канцлери, экономика жана климатты коргоо министри Роберт Хабек жана Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болду.

Мындан тышкары, мамлекет башчысынын Берлинге болгон иш сапарынын алкагында Министрлер кабинети менен Германия өкмөтүнүн ортосунда миграция жана мобилдүүлүк маселелери боюнча ниеттер жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюу аземи болуп өттү. Документке кыргыз тараптан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кол койду.

Жапаровдун иш сапары аяктап, 30-сентябрда эртең менен Бишкекке кайтып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM